Апрель окуясынын курмандыктары эскерилүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бүгүн, 7-апрелде Кыргызстанда Апрель революциясынын 16-жылдыгы белгиленүүдө. Бул датага карата мамлекеттик мекемелердин жана коомдук уюмдардын катышуусунда эскерүү иш-чаралары өтүп жатат.
Апрель окуясында курман болгондордун жакындары Ала-Тоо аянтында жана "Ата-Бейитте" маркумдарды эскерип, куран окушту. Ошондой эле мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Чүй облусунун башчысы Элкинбек Аширбаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ата-Бейит" комплексинде Апрель баатырларын эскеришти. Алар революция курмандыктарынын мемориалына гүл коюп, куран окутушту.
Бир күн мурда Апрель революциясынын 16-жылдыгы Таласта белгиленген.
2010-жылы 7-апрелде эл ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы көтөрүлгөн. Мамлекеттик стратегиялык объекттердин менчиктештирилиши, электр энергиясына жана байланышка болгон баалардын кескин көтөрүлүшү, бийликтин бир колго топтолушу элдин нааразычылыгын туудурган. Курманбек Бакиевдин режиминин тушунда саясий куугунтуктар күчөп, эркин медиага басым жасалып, оппозиция лидерлери камалган.
Мына ушул көрүнүштөргө каршы чыккан эл 7-апрелде Бишкектеги Ала-Тоо аянтына агылып келген. Бишкектин борборунда окуялар курч мүнөздө өнүккөн. Тынчтык митингине чыккан жарандарга каршы ок атылып, 80ден ашуун адам ошол жерден курман болгон, жүздөгөн жарандар оор жаракаттарды алышкан.
Жыйынтыгында Бакиевдин режими кулатылып, ал Беларуска качып кеткен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Курманбек Бакиев жана анын жакындары (Жаныш Бакиев, Максим Бакиев) бир нече оор кылмыш иштери боюнча сыртынан соттолушкан. Бакиев журналисттерге берген маектеринде ага коюлган айыптарды четке кагып келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бакиевдер учурда Беларуста жашап жатышат, аларды Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси бир нече жолу көтөрүлгөнү менен жыйынтык чыккан эмес. Курманбек Бакиевге Александр Лукашенко Беларус жарандыгын берген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
7-апрелде Кыргызстанда мамлекеттик майрам. Бул дата 2011-жылдан тарта календарда кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү катары эсептелип келген. Бирок кийинчерээк тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, учурда ал иш күнү болуп саналат. Бирок Эмгек кодексине ылайык, бул күн майрамдык дата болгондуктан, жумуш убактысы бир саатка кыскартылат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Адатта бул күнү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Апрель баатырларына куран окулуп, гүл коюлат. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жана облустук борборлордо эскерүү митингдери өтөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images




























