Трамп Иран Ормуз кысыгын ачпаса, аны "таш дооруна" кайтарам деп коркутууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Иранга карата коркутууларын кайталап, Вашингтон убактысы боюнча шейшемби күнү кечинде Ормуз кысыгын кемелер үчүн ачууну талап кылды. Эгер ачпаса, өлкөнүн инфраструктурасына кол салуу менен коркутту.
"Бир түн ичинде бүт өлкөнүн тыптыйпылы чыгышы мүмкүн жана ал түн эртең болушу ыктымал", - деди ал Ак үйдөгү басма сөз жыйынындагы ачылыш сөзүндө.
"Алардын көпүрөлөрү да, электр станциялары да талкаланат. Таш дооруна кайтып барышат", - деп кошумчалады ал кийинчерээк журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Трамп ультиматумдун акыркы мөөнөтү АКШ убактысы боюнча шейшемби күнү саат 20:00дө бүтөрүн айтты. (Гринвич боюнча түн ортосунда, Москва убактысы боюнча шаршемби саат 03:00дө).
"Эртең түн ортосунда Ирандагы бардык көпүрө толугу менен талкаланат, ар бир электр станциясы иштен чыгат. Алар өрттөнүп, жарылып, жараксыз абалга келет. Эгер биз кааласак бул төрт саат аралыгында ишке ашыуусу мүмкүн. Бирок биз мунун болушун каалабайбыз", - деди Америка лидери.
Кечинде Ирандын жогорку лидери Мужтаба Хаменеинин жазуу жүзүндөгү жаңы билдирүүсү жарыяланды.
Ал анда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) чалгын кызматынын башчысы Мажид Хадеминин өлтүрүлүшү тууралуу айтты. Бул окуя үчүн жоопкерчиликти Израил алган.
Хаменеи өзүнүн билдирүүсүндө ирандыктардын көнүмүш риторикасын кайталап, Хадеми согуш башталгандан бери өлтүрүлгөн биринчи аскер лидери эмес экенин айтты. Ошондой эле ал командирлердин өлүмү КСИРдин идеологиясын алсыратпай турганын белгиледи.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мужтаба Хаменеи болжол менен бир ай мурда, 28-февралда атасы Али Хаменеи каза болгондон кийин ордуна жогорку лидер болуп шайланган.
Ошондон бери ал бир нече жолу жазуу жүзүндө гана кайрылуу жасап, коомчулукка чыга элек. Сүрөтү же видеосу да жарыяланган жок.
Дональд Трамп Мужтаба каза болгонун же оор абалда экенин билдирди. Ирандын расмий өкүлдөрү анын ден соолугу чың экенин жана коопсуздук маселесинен улам коомчулукка чыкпай жатканын айтышууда.
Дүйшөмбү күнү Иран менен АКШ Пакистан тарабынан даярдалган ок атышууну токтотуу сунуштарын алышты, бирок күнү бою карама-каршы маалыматтар пайда болду жана келишимге жетүү ыктымалдыгы белгисиз бойдон калууда.
Трамп Тегеран менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди. Ирандын Irna маалымат агенттиги дүйшөмбү күнү Иран ок атышууну токтотуу сунушун четке кагып, чыр-чатакты биротоло токтотууну талап кылып жатканын билдирди.
Ак үйдүн өкүлү мурда Би-Би-Сиге ок атышууну токтотуу сунушу Дональд Трамп карап жаткан "көптөгөн идеялардын бири" экенин, бирок азырынча Иранга каршы операция уланып жатканын айткан.
Беш шарт жана 15 пункт: согушту токтотуу үчүн дагы кандай сунуштар айтылды?
Жакынкы Чыгышта бир айдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык планы биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Буга аймактагы көп өлкөлөр аракет кылышты.
Буга чейинки аракеттер жыйынтык бербей келди. АКШ менен Иран же шарттарды четке кагышкан же сүйлөшүүлөрдү таптакыр моюнга албай келген.
24-мартта АКШ Иранга 15 пункттан турган план жөнөткөнү, Пакистан ортомчу катары иш алып барганы тууралуу маалыматтар пайда болду.
Планда Ирандын негизги ядролук объектилерди жок кылуу, Ливандагы "Хезболла" жана Йемендеги хуситтер сыяктуу аймактагы куралдуу топторду каржылоону токтотуу жана Ормуз кысыгын ачуу талаптары камтылганы кабарланган. Анын ордуна АКШ Иранга каршы санкцияларды алып салмак.
Тегеран башында бул планды кескин түрдө четке каккан, бирок кийинчерээк Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары согушту токтотуунун беш шартын жарыялады.
Алардын ичинде компенсация төлөө жана Иранга кайра кол салынбайт деген кепилдик талаптары бар эле.
Андан кийин, 31-мартта Пакистан менен Кытай тарабынан иштелип чыккан беш пункттан турган тынчтык планы тууралуу маалыматтар чыкты. Бул Пакистандын тышкы иштер министри Пекинге барып, Кытайдан бул аракетти колдоону сурангандан кийин болду.
Бул Дональд Трамптын сүйлөшүүлөр "өтө жакшы" жүрүп жатат деген билдирүүлөрү менен дал келди, бирок Тегеран эч кандай сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн билдирди.
2-апрелде Дональд Трамп Иран АКШдан ок атышууну токтотууну суранганын жарыялады. Ирандын Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүнү "жалган жана негизсиз" деп атады.
Трамптын дедлайндары - хронология
Тынчтык аракеттери менен катар акыркы эки жуманын ичинде АКШ президенти Дональд Трамп Иранды бир нече жолу чоң эскалация менен коркутуп, Ормуз кысыгын ачууну талап кылган.
Ал акыркы мөөнөттү белгилеп, бирок бир нече жолу кийинкиге жылдырган. Өзүнүн айтымында, бул Тегерандын өтүнүчү менен болгон.
Трамп алгач Иранга Ормуз кысыгын ачуу үчүн 21-мартта 48 саат убакыт берген. Ошондо ал мөөнөт өткөн соң өлкөнүн эң ири электр станциялары жок кылынарын айткан.
Окуялар мындай өнүккөн:
- 21-мартта Трамп эгер Иран кысыкты 48 сааттын ичинде ачпаса, "эң чоңдорунан баштап электр станцияларына сокку уруп, жок кылаарын" жарыялаган.
- Эки күндөн кийин ал эки тарап "абдан жакшы жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү" жүргүзгөнүн айтып, энергетикалык инфраструктурага сокку урууну беш күнгө жылдырганын кабарлаган.
- 27-мартта Трамп "Иран өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча" энергетикалык объектилерге кол салууну 10 күнгө кийинкиге калтыраарын, мөөнөттү 6-апрелге жылдыраарын айткан.
- 4-апрелде, мөөнөт жакындаганда, ал Иранга 48 саат убакыт бар экенин эскерткен. Эртеси күнү Truth Social аркылуу кайрадан коркутуп, кемсинткен сөздөрдү жазган.
- Ошол эле күнү, 5-апрелде, ал дагы бир билдирүү жазып, ультиматумдун мөөнөтүн дагы бир күнгө, Вашингтон убактысы боюнча 7-апрелдин кечине чейин узартканын маалымдаган.





























