You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев ИИМде суракка чакырылды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев милицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу Би-Би-Сиге өздүк булактар маалымдады.
Таймурас Ташиев кайсы иш боюнча суракка чакырылганы белгисиз.
ИИМдин маалымат кызматы Таймурас Ташиев суракка чакырылганын ырастаган да, четке каккан да жок.
Буга чейин "Кыргызнефтегаз" ААКсындагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголгону маалым болгон.
Cалык кызматы 16-мартта мунай тармагындагы ири коррупциялык схема ашкереленгени айтылган "Өз кишилер үчүн мунай: "Кыргызнефтегазды" кантип курутушту?" аттуу видеосюжет жарыялаган. Иликтөөдө өлкөнүн стратегиялык ишканасынан 5 жыл ичинде 7 миллиард 615 миллион сомдук чийки зат ортомчу фирмаларга сатылып турганы баяндалат.
Видеодо бул схеманын айынан мамлекет кеминде 3 миллиард 148 миллион сомдук пайдадан куру калганы, жалпы болжолдуу зыян 4 миллиард 175 миллион сомдон ашары көрсөтүлгөн.
Ташиевдер бул маалыматтар боюнча комментарий берише элек. Буга чейин алар ар түркүн каралоо болуп жатканын билдиришкен.
Өткөн жумада Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев да ИИМге сурак берип чыккан.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон бери Камчыбек Ташиевге жакын делген депутаттар, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.
БШК 14-марттагы жыйынында парламент депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктарын анын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Мандатынан ажыратылгандан кийин Ташиев шайлоочуларына жакын тарапкерлеринин бири Бактыгүл Беркбаеванын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
"Бүгүн, 2026-жылдын 14-мартында сиздер мага ишенип берген мандатымды тапшырдым. Сиздердин ишеничиңиздерди актаганга аракет кылдым. Бул чечимди кабыл алуу жеңил болгон жок. Бирок ар бир кадамымды мамлекеттин кызыкчылыгын жана элдин ишенимин эске алуу менен кабыл алып келгем. Өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүк, элибиздин тынчтыгы үчүн мен бул кадамга барууга аргасыз болдум. Акыркы мезгилде социалдык тармактардагы мага, менин үй бүлөмө жана менин жакындарыма болгон каралоо, жалгандарды жайылтуу менин жана менин жакындарымдын тынчтыгын бузду", - делет ал кайрылууда.