Көк-бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга соттолду

Талас Бегалиев

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талас Бегалиев
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Көк-бөрү федерациясынын экс-президенти, мурда ички иштер органдарында жогорку кызматтарды аркалаган Талас Бегалиев 14 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Чүй облустук соту 23-апрелде чыгарганын аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Сот Бегалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу"), 262-беренеси ("Кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу"), 263-берене ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо") жана 222-беренеси ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)") боюнча айыптуу деп тапты.

Сот залынан дароо камакка алынган Бегалиев мүлкүн конфискациялануу менен жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөй турган болду.

Бишкектин Октябрь райондук соту быйыл 20-февралда Бегалиевди кылмыштуу топторду каржылоо, кылмыштуу коомдоштук түзүү жана арам акчаны адалдоо боюнча актап, сот залынан бошоткон.

2025-жылдын 19-майында УКМКнын басма сөз кызматы Бегалиевдин жана дагы эки адамдын кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Материалдарда Бегалиев милицияда жетекчилик кызматтарды ээлеп туруп, "Дөө-Чынгыз" каймана аты менен белгилүү болгон криминалдык авторитет Чыңгыз Жумагуловдун (2022-жылы №1 тергөө абагында өлтүрүлгөн) өкүл атасы болгону айтылган.

УКМКнын маалыматында Бегалиев уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан, баасы 2 миллион долларды түзгөн, жалпы аянты эки гектар болгон жер тилкелерин эки жарандан тартып алышканы айтылган.

Азырынча соттолгон тараптын жактоочуларынын пикирин жана өкүм боюнча жогорку инстанцияга даттануу пландары тууралуу айтыла элек. Өкүм боюнча мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга болот.

Талас Бегалиев ички иштер органдарында 1998-жылдан 2016-жылга чейин иштеген. Ал эмгек жолун Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык инспектор болуп баштаган. Кийин Бишкек шаардык милициясынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүн жана Чүй-Талас облустары боюнча башкармалыкты жетектеген.

2016-жылы эс алууга чыккан соң, Бегалиев спорт чөйрөсүндө активдүү болуп, самбо боюнча ветерандар арасында дүйнө чемпиону аталган.

2022-жылы Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган. Бул кызматты ал 2023-жылдын октябрына чейин аркалаган.

Бегалиев 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо "Биримдик" партиясынын тизмесинде бешинчи катарда барган. Ал Бээжин Олимпиадасынын күмүш байге ээси Канат Бегалиевдин бир тууганы.