You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бишкекте келин эки баласы менен 6-кабаттан кулап кетти. Милиция "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси боюнча иш козгоду
Бишкектин "Жал" кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 6-кабаттагы батирдин терезесинен 26-жаштагы келин эки баласы менен кулап кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 4-апрелинде болжол менен саат 18:11де Бишкек ШИИБдин "102" кызматына медициналык мекемеден 2021-жылы туулган бала жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү тууралуу билдирүү келген.
Каргашалуу окуя саат 17:10 чамасында орун алган.
1999-жылы туулган келин алган жаракаттарынан улам эс-учуна келбей жеринде каза болду. Анын 2025-жылы туулган баласы ооруканада көз жумду. Ал эми 2021-жылы туулган баласы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") боюнча кылмыш иши козголду.
Милиция ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы аныкталганын, кошумча маалыматтар кийинчерээк берилерин билдирди.
Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 1992-жылы туулган шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.