You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Иранда көпүрө талкаланды: Макрон Трамптын сынына жооп берип, олуттуу болууга чакырды
Жакынкы Чыгыштагы согуштун 34-күнүндө Израил менен АКШ Ирандагы буталарга сокку урууну улантты. Би-Би-Си ракета базасына жана көпүрөгө сокку урулган видеону текшерди. Иран өз кезегинде Израилге жана коңшу өлкөлөргө ракеталык соккулар менен жооп берүүдө. Ошол эле учурда Франциянын президенти Эммануэль Макрон Ормуз кысыгын аскердик жол менен кайра ачуу мүмкүн эместигин билдирип, Трамптын жубайы Брижит менен болгон мамилеси тууралуу айткандарына кескин жооп кайтарды.
Иранга соккулар: Көпүрө жана ракета базасы жабыркады
Бейшемби күнү Израил же АКШ Тегерандын батышындагы Караж шаарындагы капчыгайдын үстүндөгү чоң көпүрөнү талкалашты. Бул көпүрө Тегеранды өлкөнүн батыш аймактары менен байланыштырган ири магистралда жайгашкан.
АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social аккаунтуна соккунун кесепеттерин чагылдырган видео жарыялады.
Курулушу бүтө элек B1 көпүрөсү Жакынкы Чыгыштагы эң бийик көпүрөлөрдүн бири деп эсептелет. Анын узундугу 1050 метр, ал эми колонналарынын бийиктиги 136 метрге жетет.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, бул соккудан сегиз киши каза болуп, бир нече адам жаракат алган.
Тегеранда да жардыруулардын үнү угулган. Би-Би-Синин перс кызматынын кабарчысына жергиликтүү тургундар жардыруулар шаардынын чыгыш жана түндүк-чыгыш бөлүктөрүндө да катуу угулганын айтышкан.
BBCнин фактыларды текшерген BBC Verify бөлүмү Исфахандагы ракета базасына жасалган сокку тартылган үч видеону текшерип, тастыктады.
Видеодо күчтүү жардырууларды көрүүгө болот. Асманга көтөрүлгөн жалын, түтүн жана сыныктар шаар тарапка да, жакынкы тоолорду көздөй да учуп жатканы байкалат. Бул база Исфахан шаарынын түштүк тарабында, жапыз тоолордун этегинде жайгашкан.
Ирандын соккулары
Бириккен Араб Эмираттарынын Коргоо министрлиги Иран бейшемби күнү өлкөгө 19 ракета жана 26 дрон учурганын жарыялады, согуш башталгандан бери жалпысынан 457 ракета жана 2038 дрон учурулган.
Кувейт аскерлери сутка ичинде эки ракетаны жана 13 дронду атып түшүргөнүн билдиришти. Катар болсо өз аймагына багытталган бардык дрондор жок кылынганын маалымдады.
Израил армиясы Песах майрамы башталган күнү Иран тарабынан болжол менен 20 ракета атылганын, бирок алардын бири да бутага жетпегенин билдирди.
Бейшемби күнү Иран Израилге ок атууну улантты. Мындан тышкары, "Хезболла" Ливандан Түндүк Израилге болжол менен 130 ракета аткан.
Йемендеги хуситтер да Израилге сокку урууга аракет кылганын билдиришти. Израилдин маалыматына ылайык, "Хезболланын" соккусунан төрт адам жаракат алган.
Макрон Трампка каршы
Франциянын президенти Эмманюэль Макрон Дональд Трамптын анын жубайы Брижит тууралуу айткан сөздөрүнө жооп кайтарды.
Шаршемби күнү Ормуз кысыгын кайра ачуу боюнча европалык лидерлер менен болгон сүйлөшүүлөрүн айтып жатып, Трамп тамашалап, Макрондун аялы "ага жаман мамиле кылат" деген мазмунда сөз айткан.
Бейшемби күнү Түштүк Кореяга барган Макрон анын сөздөрүн "маанисиз, орунсуз" жана комментарий берүүгө татыксыз деп атады. Андан кийин ал Трамптын НАТО жана Ирандагы согуш жөнүндөгү саясий билдирүүлөрү тууралуу комментарий берди.
"Абдан көп сөз болуп жатат, бири-бирине каршы келген билдирүүлөр айтылууда. Бирок баарыбызга туруктуулук, тынчтык, тынчтыкка кайтуу керек. Бул шоу эмес", - деди Макрон.
"Эгер сиз олуттуу болгуңуз келсе, күн сайын айткан сөзүңүзгө каршы келген билдирүүлөрдү жасабашыңыз керек",- деп кошумчалады Франциянын президенти.
Макрондун айтымында, Иранды Ормуз кысыгын аскердик жол менен ачууга мажбурлоо мүмкүн эмес.
"Биз башынан эле бул вариантты колдогон эмеспиз, анткени ал реалдуу эмес. Бул абал узакка созулат жана кысыктан өткөндөрдүн баарын Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун соккуларына, анын ичинде баллистикалык ракеталарга туш кылышы мүмкүн ",- деди Макрон.
Мунайдын баасы кайрадан көтөрүлдү
Бейшемби күнү кечинде (Европада) Дональд Трамп элге кайрылып, согуштук аракеттерди токтотуу ниети жок экени айкын болгондон кийин, мунайдын баасы кескин көтөрүлдү.
Brent мунайынын бир баррели 99 доллардан 109 долларга чейин көтөрүлдү, ал эми Түндүк Американын WTI мунайынын баасы андан да жогору көтөрүлүп, бир баррели 113 долларга чейин жетти.
Күндүн аягында баалар бир аз төмөндөгөнү менен, жалпы деңгээл жогору бойдон калды.