Нурбек Токтакунов: "Ал мени сөккөнү үчүн айып пул төлөйт"

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкектин Биринчи Май райондук соту адвокат Нурбек Токтакуновдун арызы боюнча "Фейсбук" колдонуучусу Санжарбек Тилековду 20 миң сом айып пулга жыкты. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Токтакунов өзү ырастады.

Анын айтымында, Санжарбек Тилеков аттуу колдонуучу Токтакуновдун баракчасындагы постторго ыплас сөздөрдү камтыган комментарийлерди жазчу. Жактоочу алгач Тилековго эскертүү бергенин, бирок ал маани бербегенин айтат. Жыйынтыгында Токтакунов 2025-жылдын 22-ноябрында ИИМге арыз менен кайрылган.

"Интернетте көбүнчө троллдор комментарий жазат да, ошондуктан алгач кайсы бир колдонуучунун өздүгүн такташ керек. Милицияда болсо IP-адрес менен колдонуучунун өздүгүн аныктоого мүмкүнчүлүк бар. Мындан улам мен ИИМге ошол кишини таап бергиле деп арыз жазгам. Натыйжада Санжарбек Тилеков деген колдонуучу өзүнүн эле аты менен кирери аныкталды. Анан иш тергөөгө өтүп, аны оңой эле таап алышты", - деди Токтакунов.

Санжарбек Тилеков Би-Би-Сиге адвокат Токтакуновдун аброюна шек келтире турган сөздөрдү жазганын моюндап, бүгүн чыккан соттун чечимине макул экендигин билдирди. Ал бул боюнча адвокаттан кечирим сураганын кошумчалады.

"Туура эмес сөздөрдү айтып алдым. Сотко барып, Нурбек Токтакуновдон кечирим сурадым. Соттун чечимине каршы чыкпайм",-деди Санжарбек Тилеков.

Нурбек Токтакунов бул кейс башкаларга сабак болуп, коомдук сайттарда бирөөнүн ар-намысына шек келтирүүчү кыймыл-аракеттерди азайтуу үчүн жарандар ал сыяктуу сотко кайрылса болорун айтты.

"Айыпты өкмөткө төлөйт. Мага төлөттүрүш үчүн жарандык сотко кайрылышым керек болот. Бирок ал өзү менден кечирим сурады. "Эмоцияга алдырып койдум, мындан ары аккаунтумду маданияттуу алып барам" дегени үчүн мен аны кечирдим. Эми айып пулду өкмөткө төлөп берет. Бул ага сабак болуп, азыр аккаунтун карасаңар болот, маданияттуу алып барып, эч кимди сөкпөй калды",- деди Нурбек Токтакунов.

Мыйзам боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип, кемсинткен адамга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салынат.