You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Иттер талап салган баланын атасы Садыр Жапаровдон ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранды
Иттер таап салган алты жашар Умардын атасы Бекзат Туйтеев Садыр Жапаровго аны жеке кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылды. Ал президенттен тергөөнүн адилеттүү жүрүшүн камсыз кылуу жана иттердин ээси делген адамды жоопко тартуу үчүн бул ишти өз көзөмөлүнө алууну суранат.
Туйтеев уулу дагы эле жандандыруу бөлүмүндө жатканын жана абалы туруктуу болгонун Би-Би-Сиге билдирди. Анын айтымында, алты жашар Умарга бардык керектүүлүүчү медициналык жардам көрсөтүлүп, нейрохирургдар баланын акыбалын күн сайын текшерип турушат. Туйтеев дарыгерлерге абдан ыраазы болгонун баса белгиледи.
Баланын атасы саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов эки күн мурун №3 балдар ооруканасына келип, Умардан кабар алганын, ал эми кечээ анын орун басары Бактыбек Кадыралиевге жолукканын айтты. Кадыралиев дарыгерлер Умарды дарылоо үчүн болгон күч-аракеттерин жумшарын жана министрлик Түркиядан адистерди чакырууга даяр экенин билдирди.
Туйтеевдин айтымында, баласынын баш сөөгүнүн терисин калыбына келтирүү үчүн татаал операция талап кылынат. Баланы дарылоо багыты боюнча чечим 6-апрелге белгиленген консилиумдан кийин кабыл алынат. Мындай операцияларды жасоодо түрк адистердин тажрыйбасы көп болгондуктан, Бекзат кыргыз бийлиги баланы Түркияга жиберүүгө же Бишкекке түрк адистерин чакырууга жардам берет деп үмүттөнөт.
Анын айтымында, Түркияда дарылануу болжол менен 40 миң доллар турат.
1-апрелде Бишкектеги Калыс-Ордо-2 конушунда алты жаштагы баланы иттер талап, ал ооруканага жеткирилди.
Жаракат алган баланын баш сөөгү көрүнүп, кол-буту таланганын ЖМКлар жазып жатышат. Окуя болгон маалда баланын ата-энеси жумушта болгон, аны эжелери карап жатышкан. Баланы ооруканага кошуналары алып жөнөп, жолдон милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Окуя боюнча "этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгонун ИИМдин маалымдаган. Ага ылайык, бардык зарыл болгон тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлөт, алардын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.
Окуя болгон үйдүн ээси милицияга учурда ал үйдө жашабай турганын жана иттер ага таандык эмес экенин билдирген. Туйтеевдин айтымында, ал кошунасы менен тааныш эмес жана ал киши окуядан кийин аны менен байланышка чыккан эмес.