Ирандын аймагында АКШнын F-15E аскердик учагы атып түшүрүлүп, учкучу изделүүдө

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Ирандын түштүгүндө АКШнын F-15E аскердик учагы атып түшүрүлдү, эки учкуч учактан секирип чыгууга үлгүрүштү. Бул маалыматты АКШнын Борбордук командачылыгы тастыктады. Америкалыктар жүргүзүп аткан издөө жана куткаруу жумуштарынын натыйжасында эки экипаж мүчөсүнүн бири куткарылды.

Америкалык CBS каналы маалымдагандай, издөө жана куткаруу операциясына катышып жаткан эки Blackhawk тик учагы Иран аткан окторго кабылган, бирок өлкөнүн аба мейкиндигинен чыгып кетүүгө жетишти. Ошондой эле издөө жана куткаруу иштерине тартылган A10 Warthog учагы да атылып, Кувейттин аймагына кулады. Анын учкучу учактан секирип кеткен. Экипаж мүчөлөрүнүн жаракаттары тууралуу так маалымат жок.

Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт АКШ президенти Доналд Трамп окуядан "кабардар болгонун" билдирди.

Мындан бир апта мурун Трамп Овал кабинетинде Ирандын аскерлери жеңилгенин айтып: "Биздин учактар Тегерандын жана өлкөнүн башка аймактарынын үстүнөн каалашынча учуп жүрүшөт. Алар эч нерсе кыла алышпайт", — деп билдирүү жасаган.

Ирандын түштүгүндөгү Кохгилуйе жана Бойерахмед провинциясынын губернаторунун орун басары атып түшүрүлгөн F-15 истребителдин учкучун издөө иштери толук күчүндө уланып жатканын билдирди.

Иран бийлиги жарандарды дайыны жок учкучту издөөгө чакырып, мамлекеттик ЖМКлар коомдук сайттарда учактын калдыктары делген сүрөттөрдү жарыялап жатат.

Полиция, коопсуздук күчтөрү жана жергиликтүү тургундар учкучтун конгон жерин аныктоо жана аны колго түшүрүү боюнча иш алып барып жатканын Ирандын Fars маалымат агенттигини жазып чыкты. Иран бийлиги жарандарын учкуч тууралуу кандайдыр бир маалыматы болсо, мамлекеттик органдарга кайрылууга чакырды.

Буга кошумча Кохгилуйе жана Бойерахмад провинцияларынын ишкерлери учкучту колго түшүргөндөргө 100 миллиард риал (болжол менен 50 миң доллар) сыйлык берилерин убадалашты.

Бул окуя Трамптын Тегеранды АКШ койгон талаптарга макул болуп, согушту токтотууга мажбурлоо максатында Ирандын энергетикалык инфратүзүмүн жана суу тазалоочу ишканаларды бомбалап, өлкөнү "таш дооруна" кайтарам деген коркутууларынан кийин орун алды.

Пентагондун маалыматы боюнча, АКШ-Израил жана Иран ортосундагы согуш башталгандан бери жалпысынан 365 аскер жаракат алып, 13ү каза болгон.

Израил соккуларын улантууда

Акыркы сутка ичинде Израил Ирандын батыш жана борбор аймактарында ракета жана дрон учуруучу 70тен ашык аянтчага сокку урганын жарыялады. Мындан тышкары, Израил Ливан жана анын баш калаасы Бейруттагы "Хезболланын" объекттерине чабуулдарын улантууда.

Ирандын жообу

Ал эми Израилдин маалымат каражаттары Иран жума күнү Израилдин борбордук бөлүгүнө жана Хайфа районуна үч ирет ракеталык чабуул жасаганын билдиришти. Ракеталардын бир бөлүгү кассеталык дүрмөттөр менен жабдылган. Тель-Авивдин айланасында айрым кыйроолор катталса, Хайфанын жанында 79 жаштагы киши сыныктардан жаракат алды.

Абу-Даби эмиратында ирандык дрондордун чабуулунан ири газ иштетүүчү "Хабшан" комплексинде кайрадан өрт чыгып, ишкана ишин токтотту. Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги жума күнү Ирандын 22 ракетасын жана 47 дронун атып түшүргөнүн билдирди.

Кувейт бийлиги болсо Иран алардын сууну тузсуздандыруучу комплексине сокку уруп, олуттуу зыян келтиргенин, ошондой эле Мина-аль-Ахмади портундагы мунай иштетүүчү заводго үчүнчү ирет чабуул жасалганын кабарлады.