"Камаларыма кайыл болуп баратам". "Оргтехстройдун" башчысы АКШдан келгенде кармалды

Сүрөттүн булагы, UKMK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канатбек Исмаилов. УКМК тараткан сүрөт.
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында "Оргтехстрой" фирмасынын башкы директору кармалганын билдирди. Ишкер Канатбек Исмаилов өткөн жумада АКШдагы журналист Кубат Оторбаевге маек берип, камаларына кайыл болсо да, Кыргызстанга бара жатканын билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 25-мартта тараткан маалыматына ылайык, 1968-жылы туулган И.К.М. компаниянын негизги акционери жана иш жүзүндөгү ээси катары инвесторлорду атайылап алдап келген.

"Тактап айтканда, И.К.М. "Оргтехстрой" ААКсынын негизги акционерлеринин бири жана иш жүзүндөгү ээси болуп туруп, инвесторлорду атайылап адаштырган. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн каржылык каражаттар жетишсиз экенин билип туруп, ал компаниянын активдерин күрөө катары көрсөтүү менен инвестиция тарткан, бирок бул активдер буга чейин эле үчүнчү жактарга сатылып кеткен. «Кош сатуу» деп аталган бул схема Кыргыз Республикасынын жарандарына олуттуу материалдык зыян келтирген. Кылмыш ишин козгоого жабыркаган жарандардын көптөгөн жамааттык кайрылуулары негиз болгон. Шектүүгө мурда эл аралык издөө жарыяланган" деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Буга чейин "Оргстройдун" башчысы Канатбек Исмаиловдун бир канча жылдан бери Америкада качып жүргөнү белгилүү болгон.

Анын АКШдагы журналист Кубат Оторбаевге берген маеги 11-мартта ютубга жарыяланган. Анда "президент Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тандеми бузулгандан кийин Канатбек Исмаилов камакка алынарына да кайыл болуп, Бишкекке кайтып барууга бел байлап жатканы" маалымдалган.

Оторбаевдин билдиришинче, ишкер маегинде "мамлекеттик кызматкерлерге айласы кеткенинен миндеген доллар акча бергенин, Камчы Көлбаев аны кантип коркутканын, прокуратура, УКМК, милиция кызматкерлери жана банктар анын байлыгын кантип тоноп жатканын" айтып берген.

"Мен президентке кайрылуу кат жаздым. Ал катты Башкы прокуратурага изилдегенге жөнөтүшүптүр. Мага прокуратурадан чалышты. Аларга түшүндүрдүм. Мен эки арыз бердим. Президенттен акыйттыкты суранабыз. Кыргыз элинин Конституциясынын гаранды ошол киши да" , - деген Канатбек Исмаилов маек учурунда. Ал камаларына кайыл болсо да Кыргызстанга бара жатканын билдирген.

Исмаилов АКШдан Кыргызстанга кайсы күнү келгени белгисиз.

"Бардык жасалма айыптарды тергөө менен сот аркылуу жокко чыгарууга белсенип, ишкер Канат Исмаилов байке АКШдан өзү келди. Андагы далилдер жетиштүү, адвокаттары менен бирге ири курулуш империясын мыйзамсыз талап-тоногондорду жакында ачыкка чыгарабыз. Алардын арасында Банкирлер, УКМК кызматкерлери, прокурор, тергөөчүлөр бар" деп жазды буга чейин ишкердин кайрылуусун жарыялаган журналист Тынчтык Алтымышев.

"Оргтехстрой" курулуш фирмасынын үлүшчүлөрү бир канча жолу бүтпөй жаткан курулуштарды бүткөрүүнү, жетекчиси Канатбек Исмаиловду жоопко тартууну бийликтен суранып келишкен.