You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дагестанда бир жума ичинде экинчи жолу катуу сел жүрдү
Махачкалада суу ташкынынан үч кабаттуу үй кулап, Хасавюртта базарды суу агызып кетти.
Дагестанда 4 жана 5-апрелдеги нөшөрлөгөн жаан жаңы суу ташкынын пайда кылды. Суунун агымы Махачкала, Дербент, Хасавюрт жана башка калктуу конуштардын көчөлөрүн жууп кетти. Республиканын борборунда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, 140ка жакын айыл жарыксыз калды, темир жол каттамы бузулуп, сел массалары федералдык трассаны каптаган.
"Интерфакс" агенттигинин жазганына караганда, Геджух суу сактагычы толуп, ташып кетүүсүнөн улам суу каптоо коркунучу жаралгандыктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Дагестандын Дербент районундагы элди эвакуациялоодо.
"Дербент районундагы Геджух суу сактагычынын ташып кетишинен улам Мамедкала конушундагы кичи райондорду суу каптоо коркунучу бар. Алдын алуу максатында калкты эвакуациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 4165 адамды, анын ичинде 823 баланы коопсуз аймакка чыгаруу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Марттын аягындагы мурунку сел он миңдеген тургундарды электр жарыгысыз калтырып, 800дөн ашык үйдү каптап, унаа жолдорундагы кыймылды токтотуп, темир жолдорду жабыркаткан.