"Ташиев менден өчүн катуу алды": "Шакинин" мемуары

Окуу убактысы: 8 мүнөт

Курамына 40ка жакын орто жана чакан бизнес ишканаларын камтыган "Аю холдингдин" мурдагы жетекчиси, учурда бозгундагы ири ишкер Шаршенбек Абдыкеримов өткөн-кеткенди эстеп, Интернет айдыңында мемуарларын жазып жатат.

"Менин өлкөмдө ишке ашкан революциядан бери беш жыл өттү. Мени жашоомду баштан аяк өзгөрткөн беш жыл", - деп жазат эл арасында "Шаки" деген ат менен белгилүү меценат.

Убагында өлкөдөгү эң бай адамдардын топ башында турган Шаршенбек Абдыкеримов УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков анын компаниясын, бизнесин жана жеке өзүн да коркутуп-үркүткөнүн айтууда.

Абдыкеримов соңку беш жылда беш жолу операция болгонун, инсульт, инфарктты башынан өткөргөнүн жазат.

Бул тууралуу ал Фейсбукта 2025 -жылдын 18-сентябрында ачылган Sharshenbek Abdykerimov деген баракчада жазып жатат. Бирок анда 15-марттан тарта гана жазыла баштаган посттор турат. Бул баракча чыны менен Абдыкеримовдун өзүнүкү экени айтылды.

Шаршенбек Абдыкеримов саясий эскерүүлөрүнүн жаңы бөлүгүн жарыялады.

Анда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу жана тегерегиндеги санаалаштарын атайын кызмат ага каршы кантип колдонгону тууралуу айтылат.

"Шаки, бюджетке жардам бер"

Абдыкеримовдун эскерүүсүндө ал Камчыбек Ташиевди биринчи жолу 2008-жылы Максим Бакиевдин диско-клубунан көргөн. Ташиев ал жерге Акматбек Келдибеков (ред. экс-депутат) менен келген. Шаршенбек Абдыкеримов анда Ташиев көп сүйлөбөгөнүн, катардагы адамдай эле көрүнгөнүн, эч кандай өзгөчө таасир деле калтырбаганын жазат.

2011-жылы Абдыкеримов менен Камчыбек Ташиев парламентте депутат болушканын эстейт. Бирок Шакинин эскерүүсүндө Ташиевге караганда Садыр Жапаров Кумтөр боюнча катуу кайрылуулары менен эсте калганын, анда анын резолюциясын колдогонун да жаза кетти. Ташиевдин Ак үй дарбазасынан секирип өтөм дегени гана эсте калганын, ал окуяны сыналгыдан көргөнүн, себеби ал кезде Шаки өзү парламентте көп отурбаганын, жумушу, өзүнө таандык ритми болгонун эскерет.

Үчүнчү жолу Ташиев менен Абдыкеримов 2015-жылы парламенттик шайлоонун маалында Ошто аэропортто кездешкен. Ал кезде Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев "Республика - Ата-Журт" менен шайлоого аттанган чагы болгон. Бул жолку эскерүүсүндө да Абдыкеримов Ташиевди унчукпай сүйлөшүүлөргө кулак салган киши катары гана сүрөттөйт.

Төртүнчү жолку жолугушуу 2020-жылдан кийин УКМК кабинетинде болгон.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алды, Ташиев менен Бабанов шайлоого бирге барарын жар салышкан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Жолугушууну Салайдин Айдаров (ред.экс-депутат) уюштурду. Президенттик шайлоодон кийин, мен ал кезде Дубайда дарыланууда жүргөм. Мен кандай болсо ошондой сүйлөп жаттым. Ал угуп жатты. Анан ал "Шаки, бюджетке жардам бер. 500 миллион сом. Мага эмес, бюджетке",- деди. Мен салык төлөп жатканымды айттым. Ишимди жарым жылга токтотушканы менен, факт түрүндө бир дагы "сол" шише табышпаганын айттым. Ошол убакыт аралыгы үчүн мен ансыз деле 180 миллион сом төлөйт элем. Заводдор туруп калып, кампалар бек эле. "Эмнеге эми 500 миллион тууралуу сөз болуп жатат",- деп сурадым. Ал "Раим Матраимов деле бюджетке жардам берип жатат", -деди. Менин жиним келе түштү: "Силер чай менен компотту алмыштырып турган жоксуңарбы?" дедим. Бөлмөдө чыңалуу пайда болду. Салайдин Айдаров кыйпычыктап, "Ака...Ака… Ал сизди түшүнбөй жатат... Ал аркалык... Мен жөн эле которуп берип жатам...", -деди",- деп эскерет Абдыкеримов.

Саясий эскерүүдө Ташиев ага Раим Матраимов деле бюджетке жардам берип жатканын айтканда "Матраимов – коррупционер, ал эми мен – бизнесменмин" деп, бул эки башка нерсе экенин айтканын кошумчалаган.

"Ташиев фразамды дароо түшүнгөн жок, кайра суроо салды. Бир аз тынымдан кийин ал: "Мейли эми, 300 миллион бер. Кыргызстандын бюджетине жардам бер",- деди. Ал кишини ынандыра алат. Мен 250 миллион берейин дедим. Ал макул болду: "Бүттү сага тийишишпейт" деди. Мен ишендим да кайра Дубайга учуп кеттим" - делет эскерүүдө.

Абдыкеримов башында чындап эле баары тынчый түшкөнүн, бирок көп өтпөй анын компаниясынын юристи жана "Кыргызстан" партиясынын башкы катчысы Руслан Чойбеков УКМКнын Чүй облустук башкармалыгы тарабынан камакка алынганын жазат. Чойбеков камактан чыгып, ага телефон чалып, апасы тынчсыздануулардан улам ракка кабылганын, кийин ар бир сүйлөшүүдө Чойбеков апасынын оорусун оозанып турганын эскерет.

Кийин Чойбеков ага Дубайга келип, туулган күнү менен да куттуктайт. Абдыкеримовдун баамында, Чойбековду УКМК кылтагына илип, ал үчүн эң таалуу жер - апасы аркылуу таасир кылышкысы келген деп эсептейт.

Шаршенбек Абдыкеримов боору ооруп, уулу ага донор болгонун, операциядан кийин психотроптук дарыларды ичкенин, кээде өзүн жакшы билбей калган учурлары болгонун, бир нече адамга, анын ичинде Камчыбек Ташиевге, Арзыбек Бурхановго, Канат Исаевге жана башкаларга дагы чалып, катуу сүйлөп алганын моюндайт.

Бул эскерүүлөрүндө Абдыкеримов экинчи жолу операция болгондо ага Дубайга келе жаткан апасын УКМК учактан алып түшкөнүн эскерет.

"Аны УКМКга алып келишет. Кабинетте Руслан Чойбеков жана тергөөчү отурган болот. Руслан апама аны дагы отургузганы жатышканын, бир жолу отуруп чыкканын, апасы ооруп да калганын, эми бары кайталанганы жатат, кагазга кол койбосоңуз мени отургузушат" деген. Анын маңдайында улгайган аял отурган. Коркуу. Өзүн жоготуу. Ал аял маңдайында чоң эркекти эмес, өзүнүн кичине уулун көргөндөй болгон".

Апасы УКМК кой деген кагаздарга кол коюп бергенин жазган Абдыкеримов, ал эмне документтер экенин тактабайт. Бирок апасы ошондон тарта түнт тартып, деменцияга кабылганын белгилейт. Абдыкеримов бул кокустук эмес, күчүн көрсөтүү үчүн атайын жасалган ишара болчу дейт.

"Мен түшүндүм, Камчыбек Ташиев менден өчүн катуу алды", - дейт ал.

УКМКнын мурдагы төрагасы КамчыбекТашиев эскерүүлөрдө өзү айтылгандарга реакция жасай элек.

"Баары эмнеден башталды?"

Шаршенбек Абдыкеримов жашоосунун бурулуш учуру эмнеден башталды деп суроо салып, 2020-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоону эстейт.

Ал шайлоодо жети пайыздык босого чекти багынткан беш партияга ал каржылаган "Кыргызстан" партиясы киргенин, 5-октябрда күндүз Ала-Тоо аянтындагы жөн эле нааразылыктай башталган митинг кечке карай кантип ирилешип кеткенин жазат.

"Анда бул революция менен бүтөрүн ойлогон эмесмин. Анда бул жөн эле митингдей көрүнгөн. Каршылык. Биздин өлкөдө мындай нерселер боло келген. Бирок так ошол түнү кийинки он күндө Кыргызстанды солкулдатчу тарых башталыптыр. Ал кийин көп адамдардын тагдырын өзгөртөт, анын ичинде менин дагы".

Шаршенбек Абдыкеримов 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү шаарда башаламандык, морадёрчулук башталганын, анын "Аю" холдингинде иштеген адамдар шаарды кайтарууга чыкканын эскерет. Ошондой эле 6-10-октябрь күндөрү өлкөдө бийлик талашы жүргөнүн, Бабанов чет мамлекеттен Кыргызстанга кайтып келгени менен мурункудай таасирдүү боло албай, ага караганда жаңы эле абактан чыккан, оюн жатык тил менен жеткире алган Садыр Жапаров элдин көңүлүн тапканын жазат Абдыкеримов.

Сүрөттүн булагы, 24.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Октябрь окуялары, 2020-жыл

"Ал татаал эмес, карапайым тилде сүйлөп жатты. Башаламандык шартында анын айткандары жеткиликтүү болушу үчүн бул жетиштүү болду. Тартип болбогон жерде ким ишенимдүү сүйлөсө, чечкиндүү болсо, адамдар ошону ээрчишет экен".

Эскерүүлөрүнүн үчүнчү бөлүгүндө Шаршенбек Абдыкеримов саясатка кантип келип калганын эскерет.

Ал Бажы кызматынын мурдагы орун басары, коррупция боюнча соттолуп чыккан Раимбек Матраимов менен кошуна жашаганын, 2020-жылы ал "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясын түптөп, ошол кездеги бийликке эң күчтүү каршылашка айланып бара жатканын айтат. Абдыкеримов Раимбек Матраимовго өзүнүн каталарын кайталабасын деп тажрыйбасы менен бөлүшкөн.

"Саясатка келгениме өкүнөм"

"2010-жылы саясатка келгениме өкүнөм. Ал кезде мени буга Өмүрбек Бабанов "Республика" партиясын түптөп жатып көндүргөн эле. Анда Канат Исаев жана башкалар да отурган эле. Телевизордон революциядан кийин аза күтүүнү көрсөтүп жатышкан. Темир Сариев жана башка саясатчылар сүйлөштү. Андагы маанай аябай оор эле. Бабанов ишенимдүү сүйлөп жатты, ал кишини ынандыра алчу. Ал система өзгөрүп жатканын, парламент эми күчтөнөрүн, бийликке барып, өлкөнү көтөрүү керектигин айтып жатты. Ал схемалар тууралуу айткан жок, ал экономика жана келечек тууралуу сүйлөп жатты".

Абдыкеримов буга чейин он жыл Казакстанда иштеп, Назарбаев ишкерлерге "саясатка баш бакпагыла, жардам бергиңер келсе мектеп, жол, бала бакча кургула" дегенин, анын үстүнө сөзгө чечен эместигин, системаны түшүнбөсүн, өз иши менен алек болгусу келгенин жазган.

"Бирок жашоо башкача кетти", - деп эскерет Абдыкеримов.

Ал ага карата саясий куугунтук тээ Атамбаевдин тушунда эле башталганын жазат. Экс-президенттин тушундагы ИИМ министринин орун басарларынын бири андан миллион доллар доолаганын, андан кийин ал Алмазбек Атамбаевге барганын, мурдагы президент саясатка баш бакпа деп эскерткенин жазды.

Бирок ошол эле күнү Темир Сариев конокко чакырып, кечинде сый-тамактын үстүндө өзүнүн "Ак шумкар" партиясынын курултайына банкет уюштурууну суранганда макул болуп, бирок партияны каржылоо тууралуу суранганда баш тартканын да эскерет.

Ал күндүн эртеси эле аны Феликс Кулов чакырып, Акылбек Жапаров экөө алардын "Ар-Намыс" партиясына кирүүгө үндөшөт. Абдыкеримов Атамбаевге шайлоого барбай турганын убадалаганын айтат. Шаршенбек Абдыкеримовдун айтымында, Акылбек Жапаров анда эгер ал акча сала турган болсо, кийин тендер аркылуу аны өндүрүп алса болорун айткан.

"Мен жаман болдум, Башымда анда эмнеге революция болду. Эл эмнеге өлдү эле? деген ой турду", - деп жазат Абдыкеримов.

Акылбек Жапаров бул тууралуу Би-Би-Сиге комментарий берип, айтылгандарды "калп" деп, четке какты.

"Кулов переговорлорду жүргүзгөн, мен бардык партияларга бирдей жардам бер, өзүң бизнес менен алектен деген акыл айткам" , - деди Жапаров.

Абдыкеримов буга жооп кылып, Акылбек Жапаровду Би-Би-Сигеге беттешүүгө чакырып жатат.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Акылбек Жапаров

Эртеси эле ага жакын адамдары байланышып, мурда аны опузалап жүргөн ИИМдин мурдагы орун басары "Ак-Шумкар" партиясынын тизмесине киргенин кабарлашкан. Атамбаевге шайлоого барбайм деп берген убадасын унутуп, Шаршенбек Абдыкеримов аталган талапкерди өткөрбөө максатында Канат Исаевге кайрылган. Жыйынтыгында, ал талапкер тизменин аягына сүрүлүп, партиянын атынан 58-катарда шайлоого катыша турган болгон.

Эскерүүлөрүнүн кийинки бөлүктөрүндө "Аю холдингдин" мурдагы жетекчиси "Республика" партиясын кантип каржылаганын, саясатчы Алтынбек Сулаймановго шайлоого карата акчалай жардам кылганын айтат. Ишкер, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев менен жеке тааныштыгына токтолот. Ошондой эле Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раимбек Матраимов анын кеңешине кулак салбаганын, кийин сыналгыдан Садыр Жапаровдун "Раим камалат" дегенин укканда ошол сүйлөшүүсүн эстегенин жазат.

Бул бөлүктөн Шаршенбек Абдыкеримов Нариман Түлеев менен тааныштыгын өзүнчө бөлүп кароого арзыйт.

"Акчадан күчтүү нерселер"

2005-жылы Шаки Түлеевге жардам сурап барганын эскерет. Ал жылы бийлик алмашып, жаңы бийлик аны Темир Сариев менен Мелис Эшимкановдун ысымы менен байланыштырып, үч ай текшерүүгө алып, жүдөткөнүн айтып берген. Алардын ТАН заводунда үлүшү болгонун айткан Шаршенбек Абдыкеримов "Аю холдингде" алардын эч үлүшү болбогонун айтып берет. Коргоо сурап барган Абдыкеримов бул үчүн акча төлөөгө да даярдыгын билдирет.

Түлеев Жаныш жана Максим Бакиев менен аны тааныштырарын айтат:

"Мен ошондо акчадан күчтүү нерселер бар экенин түшүндүм".

2020-жылдан тарта Абдыкеримов негизинен сыртта көбүрөөк жүрүп калган. Жергиликтүү медиаларга берген интервьюларында ал он күн Кыргызстанда болсо, калган учурда сыртта экенин моюндаган.

Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанда "кустуризация" жүрүп, коррупцияга каршы күрөш алкагында жапырт текшерүү, мамлекетке активдерди кайтаруу жүрдү.

"Аю холдингге" карата текшерүүлөр 2020-жылдын ноябрында, жаңы бийлик келгенде дароо эле башталат.

Туура бир жылдан кийин Абдыкеримов Улуттук олимпиада комитетинин башчылыгынан жана Күрөш федерациясынын президенти кызматынан кетет.

Ошентип отуруп, 2023 жылы сентябрда ИИМ Шаршенбек Абдыкеримовго Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча айыптарды койгон. Ага чейин ишкердин заводун тинтүүдө мыйзамсыз спирт, акциздик маркасы жок 12 миң шише алкоголдук ичимдиктер табылганы кабарланган. Абдыкеримов өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу ал сыртынан камакка алынган эле.

УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев былтыр декабрдагы сөзүндө коррупциянын айынан акциздик салыктардын көлөмү абдан төмөндөп, 200 миллион сомго чейин түшүп калганын, алар салыкты 30 миллиардга көтөргөнүн айткан. УКМК Шакинин 10 миллиард сомдук мүлкү мамлекетке алынганын да жарыяланган.

"Ошол мамлекеттин байлыктарын талап-тонолуп "АЮ" деген бир компания бар эле. Хозяинин аты ким эле? Шаки беле? Шаки деген бай чыккан. Олигарх чыккан. Кантип олигарх болду? Мамлекеттин акциздерин тоноп, налогду төлөбөстөн, өзү акциз чыгарып, подделканын баарын чыгарып, элди талап-тоногон. Мына ошол налогдор азыр 30 миллиард сомго чыкты", - деген эле Ташиев.

Коомдо мамлекетке алынды делген мүлктөр боюнча суроо көп. Башкы прокуратура атайын кызматтын бир катар мурдагы кызматкерлерине "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергеп жатат. Анын ичинде УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков да камакта. Депутат Дастан Бекешов буларга токтолду.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дастан Бекешов, ЖК депутаты

"2021-жылдан тарта "кустуризация" башталып, андан бери, жалгыз Шаки эмес, көп бизнесмендер бир эмес үч жолудан "кусуп" чыгышты. Экинчи жолкусунда "Аюнун" жетекчисине иш козгоп, жасалма марка менен салыкты төлөбөй жатат дешти. Биз депутаттар дагы деле тизмени сурап келебиз, ким канча "кусканын". Эмнеге Шаки көбүрөөк мүлкүн тарттырды? Шакинин бүт заводдорун тартып алышты. Менимче, анын жанында жүргөндөр УКМКга маалыматтар беришкендир. Эми аны ал өзү айтып берер".

Шаршенбек Абдыкеримов "Кыргызстан" саясий партиясынын тең түптөөчүлөрүнүн бири, экс-депутат эле эмес, кезинде Улуттук Олимпиада комитетинин төрагасы да болгон.

Ал өз эскерүүлөрүндө ишкер катары саясатка баш бакканына өкүнүп жатканын жазат. Абдыкеримов соңку беш жылда беш жолу операция болуп, инфаркт, инсульт алганын да жарыялады.

Анын билдирүүлөрү атайын кызматтын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин орун алып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев өзү тууралуу туура эмес маалымат таратып жаткандар бар экенин 20-мартта, Бишкектеги Жал кичи районундагы мечитте айт намазын окугандан кийин билдирди.

"Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн, айт намазынын урматына кимдир бирөөнү ушул убактарга капа кылып койсом же кимдир бирөөгө туура эмес мамиле кылып койсом, мен ар бир мусулман калкынан кечирим сураймын. Орозо маалында жалган жалаа таратып, ар түрдүү ушак сөздөрдү таратып, болбогон нерселерди айткан жана тараткан ар бир адамды дагы Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн, айт намазынын урматы үчүн кечирдим. Мындан ары мындай жаман иштерге барышпасын, жаман сөздөрдү, туура эмес маалыматтарды таратышпасын", - деди Ташиев.

Абдыкеримов эскерүүлөрдүндө ага УКМК кантип басым жасаганы тууралуу кенен айта элек. Ал учурда Лондондо экенин белгилеген.

Мындан он жыл мурда журналисттер ишкердин Лондондун борборунда, Темза дарыясынын жээгинде жайгашкан өтө кымбат жана заманбап турак жай - The Tower – One St. George Wharf мунарасындагы батирлердин биринин ээси экенин аныкташкан. Британиялык The Guardian басылмасы Лондондогу мунаранын батир ээлери тууралуу материал жарыялап, макалада анын фамилиясын көрсөткөн.

Учурунда "Аю холдингдин" курамына "Аю", "Кыргыз Алко Трейд", "Артезиан", "Аршан Ритейл", "Голден Сан", "Токмок Дан", "Вегетелла", "КазГрейн", "Виват" (Делюкс), "АЮ Курулуш", "АЮ Гранд Комфорт", "АЮ Гарант", "Аю Медикал", "АЮ Фарм" сыяктуу ондогон ишканалар кирген.