Эгей деңизиндеги зилзала: Түркия менен Грециядагы кыйроолор

Жума күнү Эгей деңизинин түштүк-батыш жээктеринде болгон жер титирөөдөн Түркиянын Измир аймагы жана Грециянын Самос аралы катуу жапа чекти.

АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) жер титирөөнүн күчү 7,0 баллга жеткенин билдирди. Ал эми Түркиянын бийлиги 6,6 балл деп баалады.

Соңку маалыматтар боюнча Түркияда 24 киши набыт болуп, 804 киши жаракат алды. Измир шаарынын 743 тургуну жабыркаган. Грециянын Самос аралында эки өспүрүм каза тапты.

Жер титирөөдөн кийин суу ташкындады

Жер 15 секунддай титиреп турган жана Түркиянын батышындагы бардык чөлкөмдө катуу байкалган. Түркиянын үчүнчү ири шаары, 3 миллион калк жашаган Измирде жыйырмадай имарат кыйрады. Тургундар дүрбөлөң тушүп, туш келди качып жөнөгөн.

Кыйроого учураган 17 турак жайдын сегизинде издөө жана куткаруу иштери жыйынтыкталды деп кабарлады AFAD. Коомдук сайттарда зилзалада көп кабаттуу үйлөрдүн бири кыйраган учурдун видеосу жарыяланды.

Дагы бир видеодо тургундар кыйраган имараттын урандысынан аман калгандарды кутарып калууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Измирде зилзала суу ташкынын дагы алып келди. Набыт болгондордун кеминде 12си суу ташкынынан каза болуп калды дейт түрк бийлиги.

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган табият кырсыгынан жабыр тарткандарга өкмөт "колунан келген жардамдын баарын берет" деп убада кылды.

Самосто жер титирөө эки өспүрүмдүн өмүрүн алды. Өлкө бийлиги сегиз киши жаракат алганын кабарлады. Суу ташкыны аралдагы портту жууп кетти. Грек бийлиги жер титирөөнүн күчү 6,7 баллга жетти деп ырастады. Мындай катуу зилзала 1904-жылы болгон экен.

Бул чөлкөмдө кубаттуу жер титирөөлөр буга чейин да көп жолу катталып келген. Ушул жылдын башында эле Түркиянын чыгышында болгон кубаттуу жер титирөөдөн 41 киши каза таап, 1 607 жаракат алды. Зилзаладан эң көп жабыр тарткан Элязыг провинциясынын Сивриж шаары болгон эле.

Түркиядагы эң үрөй учурган зилзала 1999-жылы болгон эле. Анда Измит шаары зилзаланын очогу болуп, күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөөдөн 17 000 киши каза тапкан.