Жапырт эмдөө: "Менин өлкөмө вакцина качан жетет?"

Дүйнөнүн булуң-бурчунда жапырт эмдөө жараяны башталууда. Айрым мамлекеттер жапырт эмдөө долбоорун баштаса, көп өлкөлөргө вакцина качан жетери али белгисиз.
Covid-19 вирусуна каршы эмдөөнү тез баштоо маанилүү, себеби көптөгөн кишилердин өмүрүн сактап калуу мүмкүн болот. Ага карабастан вакцинаны бардык мамлекеттерге убагында жеткирүү оңой эмес. Мындай учурда чоң ишканалардын кызыкчылыгы, убадасына турбаган өкмөт өкүлдөрү, бюрократия жана мыйзамдагы чектөөлөр тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
Вакцина качан жетет?
Вакцинаны дүйнөгө таратуу
Толук эмделген кишилердин пайызы
| Дүйнө |
61
|
12 120 524 547 |
| Кытай |
87
|
3 403 643 000 |
| Индия |
66
|
1 978 918 170 |
| АКШ |
67
|
596 233 489 |
| Бразилия |
79
|
456 903 089 |
| Индонезия |
61
|
417 522 347 |
| Жапония |
81
|
285 756 540 |
| Бангладеш |
72
|
278 785 812 |
| Пакистан |
57
|
273 365 003 |
| Вьетнам |
83
|
233 534 502 |
| Мексика |
61
|
209 179 257 |
| Германия |
76
|
182 926 984 |
| Орусия |
51
|
168 992 435 |
| Филиппин |
64
|
153 852 751 |
| Иран |
68
|
149 957 751 |
| Британия |
73
|
149 397 250 |
| Түркия |
62
|
147 839 557 |
| Франция |
78
|
146 197 822 |
| Таиланд |
76
|
139 099 244 |
| Италия |
79
|
138 319 018 |
| Түштүк Корея |
87
|
126 015 059 |
| Аргентина |
82
|
106 075 760 |
| Испания |
87
|
95 153 556 |
| Египет |
36
|
91 447 330 |
| Kanada |
83
|
86 256 122 |
| Колумбия |
71
|
85 767 160 |
| Перу |
83
|
77 892 776 |
| Малайзия |
83
|
71 272 417 |
| Сауд Арабия |
71
|
66 700 629 |
| Бирма |
49
|
62 259 560 |
| Чили |
92
|
59 605 701 |
| Тайвань |
82
|
58 215 158 |
| Австралия |
84
|
57 927 802 |
| Өзбекстан |
46
|
55 782 994 |
| Марокко |
63
|
54 846 507 |
| Польша |
60
|
54 605 119 |
| Нигерия |
10
|
50 619 238 |
| Эфиопия |
32
|
49 687 694 |
| Непал |
69
|
46 888 075 |
| Камбоджа |
85
|
40 956 960 |
| Шри-Ланка |
68
|
39 586 599 |
| Куба |
88
|
38 725 766 |
| Венесуэла |
50
|
37 860 994 |
| ТАР |
32
|
36 861 626 |
| Эквадор |
78
|
35 827 364 |
| Нидерланддар |
70
|
33 326 378 |
| Украина |
35
|
31 668 577 |
| Мозамбик |
44
|
31 616 078 |
| Бельгия |
79
|
25 672 563 |
| БАЭ |
98
|
24 922 054 |
| Португалия |
87
|
24 616 852 |
| Руанда |
65
|
22 715 578 |
| Швеция |
75
|
22 674 504 |
| Уганда |
24
|
21 756 456 |
| Греция |
74
|
21 111 318 |
| Казакстан |
49
|
20 918 681 |
| Ангола |
21
|
20 397 115 |
| Гана |
23
|
18 643 437 |
| Ирак |
18
|
18 636 865 |
| Кения |
17
|
18 535 975 |
| Австрия |
73
|
18 418 001 |
| Израиль |
66
|
18 190 799 |
| Гватемала |
35
|
17 957 760 |
| Гонконг |
86
|
17 731 631 |
| Чехия |
64
|
17 676 269 |
| Румыния |
42
|
16 827 486 |
| Венгрия |
64
|
16 530 488 |
| Доминикан Республикасы |
55
|
15 784 815 |
| Швейцария |
69
|
15 759 752 |
| Алжир |
15
|
15 205 854 |
| Гондурас |
53
|
14 444 316 |
| Сингапур |
92
|
14 225 122 |
| Боливия |
51
|
13 892 966 |
| Тажикстан |
52
|
13 782 905 |
| Азербайжан |
47
|
13 772 531 |
| Дания |
82
|
13 227 724 |
| Беларусь |
67
|
13 206 203 |
| Тунис |
53
|
13 192 714 |
| Кот-д’Ивуар |
20
|
12 753 769 |
| Финляндия |
78
|
12 168 388 |
| Зимбабве |
31
|
12 006 503 |
| Никарагуа |
82
|
11 441 278 |
| Норвегия |
74
|
11 413 904 |
| Жаңы Зеландия |
80
|
11 165 408 |
| Коста-Рика |
81
|
11 017 624 |
| Ирландия |
81
|
10 984 032 |
| Сальвадор |
66
|
10 958 940 |
| Лаос |
69
|
10 894 482 |
| Иордания |
44
|
10 007 983 |
| Парагвай |
48
|
8 952 310 |
| Танзания |
7
|
8 837 371 |
| Уругвай |
83
|
8 682 129 |
| Сербия |
48
|
8 534 688 |
| Панама |
71
|
8 366 229 |
| Судан |
10
|
8 179 010 |
| Кувейт |
77
|
8 120 613 |
| Замбия |
24
|
7 199 179 |
| Түркмөнстан |
48
|
7 140 000 |
| Словакия |
51
|
7 076 057 |
| Оман |
58
|
7 068 002 |
| Катар |
90
|
6 981 756 |
| Ооганстан |
13
|
6 445 359 |
| Гвинея |
20
|
6 329 141 |
| Ливан |
35
|
5 673 326 |
| Монголия |
65
|
5 492 919 |
| Хорватия |
55
|
5 258 768 |
| Литва |
70
|
4 489 177 |
| Болгария |
30
|
4 413 874 |
| Сирия |
10
|
4 232 490 |
| Палестин территориясы |
34
|
3 734 270 |
| Бенин |
22
|
3 681 560 |
| Ливия |
17
|
3 579 762 |
| Нигер |
10
|
3 530 154 |
| Конго |
2
|
3 514 480 |
| Сьерра-Леоне |
23
|
3 493 386 |
| Бахрейн |
70
|
3 455 214 |
| Того |
18
|
3 290 821 |
| Кыргызстан |
20
|
3 154 348 |
| Сомали |
10
|
3 143 630 |
| Словения |
59
|
2 996 484 |
| Буркин-Фасо |
7
|
2 947 625 |
| Албания |
43
|
2 906 126 |
| Грузия |
32
|
2 902 085 |
| Латвия |
70
|
2 893 861 |
| Мавритания |
28
|
2 872 677 |
| Ботсвана |
63
|
2 730 607 |
| Либерия |
41
|
2 716 330 |
| Маврикий |
74
|
2 559 789 |
| Сенегал |
6
|
2 523 856 |
| Мали |
6
|
2 406 986 |
| Мадагаскар |
4
|
2 369 775 |
| Чад |
12
|
2 356 138 |
| Малави |
8
|
2 166 402 |
| Молдавия |
26
|
2 165 600 |
| Армения |
33
|
2 150 112 |
| Эстония |
64
|
1 993 944 |
| Босния жана Герцеговина |
26
|
1 924 950 |
| Бутан |
86
|
1 910 077 |
| Түндүк Македония |
40
|
1 850 145 |
| Камерун |
4
|
1 838 907 |
| Косово |
46
|
1 830 809 |
| Кипр |
72
|
1 788 761 |
| Чыгыш Тимор |
52
|
1 638 158 |
| Фиджи |
70
|
1 609 748 |
| Тринидад жана Тобаго |
51
|
1 574 574 |
| Ямайка |
24
|
1 459 394 |
| Макао |
89
|
1 441 062 |
| Мальта |
91
|
1 317 628 |
| Люксембург |
73
|
1 304 777 |
| Түштүк Судан |
10
|
1 226 772 |
| БАР |
22
|
1 217 399 |
| Бруней |
97
|
1 173 118 |
| Гайана |
58
|
1 011 150 |
| Мальдив |
71
|
945 036 |
| Лесото |
34
|
933 825 |
| Йемен |
1
|
864 544 |
| Конго |
12
|
831 318 |
| Намибия |
16
|
825 518 |
| Гамбия |
14
|
812 811 |
| Исландия |
79
|
805 469 |
| Кабо-Верде |
55
|
773 810 |
| Черногория |
45
|
675 285 |
| Комор ар. |
34
|
642 320 |
| Папуа-Жаңы Гвинея |
3
|
615 156 |
| Гвинея-Бисау |
17
|
572 954 |
| Габон |
11
|
567 575 |
| Эсватини |
29
|
535 393 |
| Суринам |
40
|
505 699 |
| Самоа |
99
|
494 684 |
| Белиз |
53
|
489 508 |
| Гвинея |
14
|
484 554 |
| Соломон ар. |
25
|
463 637 |
| Гаити |
1
|
342 724 |
| Багам ар. |
40
|
340 866 |
| Барбадос |
53
|
316 212 |
| Вануату |
40
|
309 433 |
| Тонга |
91
|
242 634 |
| Жерси |
80
|
236 026 |
| Жибути |
16
|
222 387 |
| Сейшель ар. |
82
|
221 597 |
| Сан-Томе менен Принсипи |
44
|
218 850 |
| Мэн аралы |
79
|
189 994 |
| Гернси |
81
|
157 161 |
| Андора |
69
|
153 383 |
| Кирибати |
50
|
147 497 |
| Кайман ар. |
90
|
145 906 |
| Бермуд ар. |
77
|
131 612 |
| Антигуа менен Барбуда |
63
|
126 122 |
| Сент-Люсия |
29
|
121 513 |
| Гибралтар |
123
|
119 855 |
| Фарер ар. |
83
|
103 894 |
| Гренада |
34
|
89 147 |
| Гренландия |
68
|
79 745 |
| Сент-Винсент жана Гренадин |
28
|
71 501 |
| Лихтенштейн |
69
|
70 780 |
| Тёркс менен Кайкос |
76
|
69 803 |
| Сан-Марино |
69
|
69 338 |
| Доминка |
42
|
66 992 |
| Монако |
65
|
65 140 |
| Сент-Китс жана Невис |
49
|
60 467 |
| Брит. Вергин ар. |
59
|
41 198 |
| Кука ар. |
84
|
39 780 |
| Ангилья ар. |
67
|
23 926 |
| Науру |
79
|
22 976 |
| Бурунди |
0,12
|
17 139 |
| Тувалу |
52
|
12 528 |
| Ыйык Елена ар. |
58
|
7 892 |
| Монтсеррат |
38
|
4 422 |
| Фолкленд ар. |
50
|
4 407 |
| Ниуэ |
88
|
4 161 |
| Токелау |
71
|
1 936 |
| Питкэрн ар. |
100
|
94 |
| Ватикан |
0
|
0 |
| Инди океанындагы Британиянын территориясы |
0
|
0 |
| КЭДР |
0
|
0 |
| Түш. Георгия жана Түш. Сандвич ар. |
0
|
0 |
| Эритрея |
0
|
0 |
Интерактивдүү картаны көрүү үчүн браузерди жаңылаңыз
Бул маалымат дайым жаңыртылып турат, бирок ар бир жер боюнча вакциналардын акыркы санын көрсөтпөшү мүмкүн. Жалпы вакциналар - сайылган вакциналардын санын көрсөтөт жана толук эмделгендерге кошумча сайылган күчтөндүрүүчү ченемдерди дагы камтышы мүмкүн. Толук эмделген аныктамасы өлкөдөн өлкөгө, вакцинанын түрүнө жараша өзгөрөт жана убакыттын өтүшү менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
Булак: Our World in Data
Соңку жаңыланышы 2022-ж., 5-июль 18:28 GMT+6
Дүйнөдө жапырт эмдөө жараяны кандай жүрүп жатканын интерактивдүү картадан караңыз.
Вакцинаны дүйнөгө таратуу
Булак: Our World in Data
Канча киши вакцина алды?
Учурда жүздөн ашуун мамлекетте 300 миллиондон ашуун доза вакцина берилди. Башкача айтканда, адамзат тарыхындагы эң ири жапырт эмдөө жараяны жүрүп жатат.
Бирок эмдөө жараяны бардык өлкөлөрдө бирдей жүргөн жок. Айрым бай мамлекеттер өзүнө керектүү делген вакцинадан дагы көп доза алышкан. Ал эми өнүгүп келе жаткан айрым мамлекеттерге вакцина качан келери дагы деле белгисиз.
Эмдөөнүн биринчи баскычында, вакцина алтымыштан жогору, медициналык кызматкерлер жана өнөкөт илдети бар бейтаптарга сунушталууда.
Израил жана Британия сыяктуу мамлекеттерде жапырт эмдөө эмитен эле натыйжа берип жатат. Эки мамлекетте коронавирусту жуктуруп, ооруканага кайрылган бейтаптардын саны жана өлүм-житим кескин кыскарды. Ошондой эле вируска жаңы кабылган тургундардын саны дагы азайып жатат.
Economist Intelligence Unit (EIU) уюму бул багытта кеңири изилдөө жүргүздү. Уюм дүйнөдөгү вакцина өндүрүү мүмкүнчүлүгү, аны керектүү көлөмдө жеткирүүдөгү инфраструктуранын чектөөлөрү, мамлекеттердин калкы жана вакцина сатып алуудагы мүмкүнчүлүгүн анализдеп чыкты.
EIU мурда эскертилгендей эле бай мамлекеттер биринчилерден болуп вакцина алып, кедей өлкөлөр акыркылардан болуп эмдөө жараянын баштайт деген тыянак чыгарды. Мисалы, АКШ, Британия же Европадагы бай мамлекеттери эмдөө жараянын баштады. Ал эми өнүгүп келе жаткан айрым өлкөлөрдө вакцина качан келери дагы деле белгисиз бойдон.
Ошол эле учурда айрым өнүккөн мамлекеттер өзүнө керектүү көлөмдөн көп вакцина сатып алганы үчүн сынга кабылууда. Айталы, өткөн жылдын аягында Канада калкына керектүү делген көлөмдөн беш эсе көп вакцинага буюртма берип, талаш-талкуу жараткан.
Чектөөлөргө карабастан айрым чакан мамлекеттер эмдөө жараянын мыкты уюштуруп, бай мамлекеттерге караганда көбүрөөк сандагы жарандарына вакцина жеткире алды. Мисалы, Сербия Европада эң көп сандагы жарандарын эмдеген өлкө.

Сербия калкынын 8% вакцина алды. Бул өлкөнүн өкмөтү эмдөө жүрүмүн мыкты уюштуруп жана "вакцина дипломатиясын" пайдаланды. Башкача айтканда, Орусия менен Кытайдын Чыгыш Европага таасирин күчөтүү аракетинен пайдаланып, эки чоң державадан бекер вакцина алды. Бул өлкө Орусиянын "Спутник V" жана Кытайдын SinoPharm вакциналарын колдонууда.
Кагаз жүзүндө сербиялыктар "Спутник V", SinoPharm же Pfizer вакциналардын бирин тандоого укуктуу. Бирок тургундардын басымдуу бөлүгүнө SinoPharm вакцинасы берилгени айтылууда.
Кытай сыяктуу мамлекеттер "вакцина дипломатиясы" аркылуу таасирин кеңейтүүгө аракет кылып жатканы талашсыз. Келечекте коронавирустун жаңы түрү пайда болсо, SinoPharm вакцинасын колдонгондор кайрадан Бээжинге көз каранды болот.
Сербиядан тышкары Бириккен Араб Эмирлиги жана Түркия Кытай чыгарган вакцинаны колдонуп жатат.
"Кытай вакцина өндүрүү үчүн жаңы жайларды курду, жумушчуларды даярдады. Бул аркылуу Бээжиндин таасири бекемделет. Кытайдан вакцина алган мамлекеттер келечекте башка вакцина алуусу кыйла татаалдашат",-дейт Economist Intelligence Unit уюмунун өкүлү Агате Демарис.
Глобалдык вакцина державага айланган өлкө алгач өзүнүн жарандарына вакцина жеткирет дегенди билдирбейт. EIU уюму вакцинаны эң көп көлөмдө өндүргөн эки мамлекет, Кытай менен Индия, 2022-жылдын аягына чейин өз жарандарына жетиштүү көлөмдө вакцина жеткирбейт деп жоромолдойт. Буга эки мамлекеттин калкынын саны жана медициналык кызматкерлердин жетишсиз болгону себеп.

Вакцинаны өндүрүү дагы оңой эмес. Жолдо көп маселе жарылышы толук ыктымал. Ошондуктан дарыны чыгара баштаган компаниялар бир нече айдан кийин гана толук кандуу иштеп баштайт. Ошол эле учурда коронавирустун жаңы түрлөрү чыгып, вакцинаны улам жаңылап туруу зарыл болот.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вакцинаны бардык мамлекеттерге тегиз жеткирүү үчүн Covax механизмин иштеп чыккан. Covax аркылуу вакциналар февралдын аягында жеткириле баштайт. Жарды мамлекеттер вакциналарды бекер алууга жол ачылат.
Бирок айрым өлкөлөр Covax аркылуу вакцина сурап, ошол эле учурда фармацевтикалык компаниялар менен өздөрүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы механизмге көлөкөсүн тийгизип жатат. Мисалы, Индияда эң көп санда вакцина чыгарган Serum Institute компаниясынын ээси Адар Пунавалла ар бир Африка мамлекети байланышка чыкканын айтууда.

Өткөн аптада эле Уганда Serum Institute ишканасынан 18 миллион доза вакцинаны 7 доллардан сатып алуу боюнча келишимге жетишти. Covax болсо ошол эле вакцинаны 4 доллардан сатып алган. Кедей саналган мамлекет ушундай көлөмдө каражат бөлүп, вакцина сатып алып жатканына гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан бай мамлекеттер дагы көңүл бурууда. Serum Institute болсо Уганда менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок эки тараптын ортосунда келишим жок экенин маалымдады.

Сүрөттүн булагы, EPA
Economist Intelligence Unit уюму глобалдык эмдөө жараяны 2023-жылдын аягында гана жыйынтыкталат деп айтууда. Андан тышкары уюм коронавирустун мутацияланып, улам жаңы түрү пайда боло берсе дүйнө жакын арада мурдагы ыргагына кайтып келбейт деп эскертүүдө.
EIU уюмунун өкүлү Агате Демарис болсо ар бир мамлекеттин лидерин жарандарына чынчыл болууга чакырды:
"Өлкө лидерлери баланча күнү жапырт эмдөө жыйынтыкталат деп айтканы катачылык. Ага карабастан лидерлер бир нече жылдан кийин гана жапырт эмдөө жыйынтыкталарын мойнуна алгысы келбей жатат".
Макаланы Data journalism бөлүмүнүн кабарчылары Becky Dale менен Nassos Stylianou даярдады.
Статистика тууралуу
Our World in Data статистикасын Оксфорд университети жана атын атагысы келбеген илимий уюм топтоду.



































