"Спайсты" интернет аркылуу сатуу көрүнүшү күч алдыбы?

Бишкектеги айрым имараттарда, дубалдарда «спайс» деп аталган чылым же синтетикалык маңзаттын аралашмасы сатыла тургандыгы жөнүндөгү жазуулар пайда боло баштады

Сүрөттүн булагы, Kloop.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги айрым имараттарда, дубалдарда «спайс» деп аталган чылым же синтетикалык маңзаттын аралашмасы сатыла тургандыгы жөнүндөгү жазуулар пайда боло баштады

Бишкектеги агенттиктердин бири шаарда "спайс" деп таанылган синтетикалык чылым же маңзатты интернет аркылуу сатуу көрүнүшү күч алганын билдирүүдө. Kloop.kg агенттиги пакеттерге салынган маңзаттардын аралашмасын саткан интернет барактары иштеп жатканын билдирүүдө. Буга далил катары агенттик шаардын көчөлөрүндө ошондой сайттардын дареги жазылган сүрөттөрдү жарыялаган.

Кыргызстанда айрыкча жаштар арасында "спайс" колдонгондордун саны өсүп келе жатканын адистер дагы ырасташууда. Баңгизатка каршы күрөшкөн расмий органдар интернеттен "спайстан" тышкары баңгизаттын башка түрлөрү дагы сатылып жатат деген шек менен иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат.

Бишкектеги айрым имараттарда, дубалдарда "спайс" деп аталган чылым же синтетикалык маңзаттын аралашмасы сатыла тургандыгы жөнүндөгү жазуулар пайда боло баштады. Шаардын борбордук бөлүгүндө «Сынап көрүү үчүн спайстын акысыз үлгүлөрүн таратам” деп жазылган үч-төрт жарыяны көрүүгө болот.

Бул жазууларга кызыгып көргөн журналисттер интернет аркылуу "спайс" деп аталган маңзатты саткан ортомчулар менен байланышып көргөн. Kloop.kg интернет сайтынын редактору Улукбек Акишевдин айтымына караганда, ортомчу адам ага спайсты акысыз колдонуп көрүүнү сунуштаган:

“Тилекке каршы сатуучу менен жолуга алган жокпуз, бирок спайс кандай схемада сатылып, таратыларын билдик. Алгач кардар интернет аркылуу сатуучу менен байланышат, андан соң сатуучу "спайс" оролгон кагазды катып койгон жерин түшүндүрөт. Кардар айтылган дарек боюнча барып товарды алып кетет. Спайс деп таанылган синтетикалык чылым же маңзатты интернет аркылуу сатуу көрүнүшү акыркы айларда күч алгандай. Мурда мындайлар жок болчу”.

Журналисттин айтымында, "спайсты" чет өлкөдөн алып келип, кардар сатуучуга банкомат аркылуу акча которулганда, товарды бир жерге жашырып кетишет.

Кыргызстанда "спайска" тыюу салынган эмес

"Спайска" АКШда, Орусияда, Беларуста, Жапонияда, Түркияда жана жыйырмага жакын өлкөдө тыюу салынган

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Спайска" АКШда, Орусияда, Беларуста, Жапонияда, Түркияда жана жыйырмага жакын өлкөдө тыюу салынган

Учурда бул ишти милиция кызматкерлери териштирүүгө алууда. Ички иштер министрлигинин маңзатка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Алымжан Козубаев "спайс" тууралуу маалымат милицияда бар экенин айтууда. Аларды тараткандарга мыйзам жактан азырынча тыюу салына элек, бирок бул кошулмалар адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү маңзаттын түрлөрүнө кирет:

“Биздин кызматкерлер спайс таратуу боюнча оперативдүү иш-чараларды өткөрүүдө. Кыргызстандын мыйзамдарында "спайсты" сатуу, колдонууга тыюу болбогону үчүн башка жолдор менен аларды тыюунун аракетин көрүп жатабыз”.

Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик мекемесинин кызматкери Алмаз Темишев "спайс" кошулмасы интернет аркылуу таратылып жаткандыктан, алардын ишмердүүлүгүн токтотуу кыйын экенин айтууда. Ал айрыкча жаш өкүлдөргө кайрылып, “спайстан” сак болууга чакырды:

“Спайстын түрлөрү болот. Эң күчтүүлөрүн колдонгондор өзүн-өзү өлтүрүп алышы мүмкүн же организм мындайга туруштук бере албайт. Тилекке каршы, спайс тараткандарга чара көрүү кыйын болуп жатат. Биз аны менен биргеликте күрөшүшүбүз керек”.

Экспеттердин баамында, "спайс" Кыргызстанда көптөн бери эле кеңири колдонулуп жатат. Өзгөчө аны таратуу жолдору кабатырлантат. Маңзат боюнча эксперт Болот Ногойбаевдин айтымында, интернет аркылуу тараган маңзаттар "спайс" менен эле чектелбейт деген коркунучтар бар:

“Спайска тыюу мыйзамда жок, ага каршы күрөшкөндөр да жокко эсе. Энерде анын алдын албасак, эртең бул нерсе олуттуу коркунучтарга алып келиши мүмкүн. Мындан төрт-беш ай мурда Орусиянын ири шаарларында ондогон өспүрүмдөр "спайстын" күчтүүсүн пайдаланып, каза болуп калды. Тилекке каршы, интернетти эч ким көзөмөлдөй албаганы үчүн спайс, анын башка түрлөрү да кеңири сатылууда”.

“Спайс” ангис тилинен алынганда, ачуу кошулма дегенди билдирет. Анын курамында түрдүү синтетикалык заттар жана чегүүчү кошулмалар бар. Ага АКШда, Орусияда, Беларуста, Жапонияда, Түркияда жана жыйырмага жакын өлкөдө тыюу салынган. Кыргызстанда болсо, спайсты сатууга, колдонууга тыюу салган мыйзам долбоору азырынча парламенттин кароосунан өтө элек.