Блог: Манастын осуятын сүрөөнгө алган бөтөн улут өкүлдөрү

Сүрөттүн булагы, Photo by Nezir Aliyev/Anadolu Agency/Getty Images

1924-1927-жылдар. Кыл чайнашкан саясий күрөштөрдүн натыйжасында кыргыздар мамлекеттүүлүктүн автоном облус формасын күтүүгө (Кара-кыргыз облусу) укук алышып, анын чек араларын тактоонун үстүндө бир нече жыл бою жан үрөп алпурушту.

Алпурушуу оңой болгон жок. Анын жүрүшүндө Кара-кыргыз облусу Каркыранын теңинен көбүнөн айрылды, Памир-Мургабды жүйө келтирип талашууга чамасы жетпей, кармата салды. Ал турсун , аз жерден Суусамыр жайлоосунан ажырап кала жаздады.

Кыргызстандын чек арасы жөнүндөгү маселе кыргыз улутунун өзү кандай болушу керек деген маселе менен тыгыз байланышта болгондугу өтө кызык. Образдуу айтканда, Манастын осуятына ылайык курама топтолуп журт болгондон кийинки кыргыз этносу оң канат, сол канат, ичкилик урууларынан куралып, саны жарым миллиондон бир аз ашыгыраак эл эле. Кара-кыргыз облусунун жетекчилери мына ушул чачыранды урууларды мүмкүн болушунча автономияга камтып калууга далалаттанып жаткан шартта, теги кыргыз эмес үч киши кыргыз улутун куроонун жаңы моделин, жаңы денгээлин сунуштап жиберишти. Алардын фамилиялары: Л. Дефье, Дивногорский жана Дублицкий (Аттарын тактоо мүмкүн боло элек).

Мына ушул ишмерлер Фергана өрөөнүн байырлаган бир катар чакан элдердин: түрктөрдүн, кыпчактардын жана башкалардын кыргыз улутуна бириктирилишин катуу жактап, тикесинен тик турушкан экен.

"Жашоо образы боюнча кыргыздардын тууганы саналган жана өзбектерге эч катышы жок түрктөрдүн жашаган жерлери ... Кыргыз автоном облусуна кошулушу керек",- деп жазат Дефье менен Дивногорский Фергананын Булак-Башы деген болуштугуна байланыштуу талашта.

Коргон-Төбө болуштугу боюнча талашта ушул эле ишмерлер мындай жүйөнү келтирип, борбордук бийликтерге кайрылышкан: "Эки жүз сексен кожолукка ээлик кылган кыпчактар кыргыздардын тууганы".

Аталган ишмерлердин Фергананын чакан этносторун "этностук тектештик" принцибине таяп, Кыргызстанга, кыргыз улутуна кошууга жасаган аракеттерин ырастаган далилдер, документтер ондоп саналат.

Алардын ишмердиги изилдене элек. Фамилияларына караганда, алар же немис, же еврей. Балким, башкасы. Бирок мен аларды кыргыз болушпаса да, Манастын осуятын ошол замандагы кыргыздан да, мурунку жана азыркы манасчылардан да ашыра түшүнгөн, кыргыз улутун куроонун жаңы моделин сунуштап, сүрөөнгө алган улуу ишмерлер деп эсептейм.

Тилекке каршы, алардын мүдөөсү чала-чарпыт гана ишке ашты. Анткени, кийинки муун андай бийик мүдөөнү көздөй да алган жок, аркалай да алган жок.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт