"Дале өзүнө келе элек". Кырсыктаган жоокердин жакындары бийликке кайрылды
Сүрөттүн булагы, social media
Автокырсыкка кабылып, оор абалда жаткан жоокердин окуясын президент жеке көзөмөлүнө алды. Буга чейин комада жаткан жоокердин апасы уулунун маселесине көңүл бурууну өтүнүп, Садыр Жапаровго кайрылган. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 2004-жылы туулган Данияр Нурбеков аттуу аскер кызматкери 6-апрелде "УАЗ-Пикап" үлгүсүндөгү кызматтык унаа жүрүп бара жаткан учурда кулап түшкөн.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзовдун Би-Би-Сиге билдиргенине караганда, саламаттыкты сактоо министрине жоокер боюнча ыкчам чараларды көрүү тапшырылды.
"Унаадан кулап кырсыктаган жоокердин саламаттыгына кам көрүү маселеси Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Жоокерге медициналык жактан ыкчам зарыл болгон бардык чараларды көрүү, анын ичинде зарыл болсо Бишкекке алып келүү же чет өлкөгө жөнөтүү маселесин да карап көрүү тапшырмасы Саламаттыкты сактоо министрине берилди", деди Аскат Алагөзов. Ал жоокердин апасы Бактыгүл Ажыматова менен байланышып, маалымат бергенин да кошумчалады.
Ал арада Мамлекеттик чек ара кызматы Лейлек районунда кызмат өтөп жатып, кырсыкка кабылган аскер кызматкерине байланыштуу маалымат таратты. Ага ылайык, кырсык 6-апрелде болжол менен саат 08:30 чамасында Ак-Суу – Раззаков жолунда катталган. 2004-жылы туулган Данияр Нурбеков аттуу аскер кызматкери "УАЗ-Пикап" үлгүсүндөгү кызматтык унаа жүрүп бара жаткан учурда кулап түшкөн. Ал 2025-жылдын күзүндө аскерге чакырылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя тоолуу жолдогу катуу силкинүүнүн кесепетинен болгон. Кулап түшкөндөн кийин аскер кызматкери дароо эс-учун жоготкон.
"Окуя болгон жерге дароо тез жардам чакырылып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин катардагы жоокер Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ошол эле күнү Ош шаарынан келген дарыгерлер тобу тарабынан операция жасалган. Азыркы учурда аскер кызматкеринин абалы туруктуу оор деп бааланууда жана ага бардык зарыл болгон медициналык жардамдар көрсөтүлүп, керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалган",- деп айтылат маалыматта.
Маалыматта белгиленгендей, аскерди Бишкек шаарына жеткирүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок медициналык көрсөткүчтөргө ылайык, анын абалы турукташмайынча ташууга болбойт.
"Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Лейлек райондук ооруканасына андан ары дарылоо жана кеңеш берүү үчүн тажрыйбалуу нейрохирург жөнөтүлгөн. Ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын медициналык кызматы жана Лейлек райондук ооруканасынын дарыгерлери тарабынан бейтаптын абалын көзөмөлдөө үчүн нөөмөт уюштурулган",- деп жазылган билдирүүдө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Учурда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары жетектеген ыкчам топ түзүлүп, тиешелүү органдар менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын жана себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө башталганы кабарланды.
Би-Би-Си жоокердин таякеси менен байланышып, аскердин абалынан кабар алды. Анын айтымында, жоокер дале өзүнө келе элек.
"Учурда бала дем албай жатат. Андай адамды жылдырууга болбойт экен. Дарыгерлер келгенде эле абалы оор деп айтышкан. Учурда эки сутка болду. Жерге башы менен тийген. Саат өткөн сайын аман-эсен ойгонсо экен деп сарсанаа болуп жатабыз. Бир аз жылыш бар деп жатышат. Баткенде нейрохирург жок экен, бул дарыгерлердин күнөөсү эмес. Бирок кабар түшкөндө тиешелүү органдар тезирээк реакция кылышы керек эле. Жакында бир турист зоокада калганда бир эмес, эки жолу тик учак жиберишти. Дарыгерлерди жок дегенде учак менен алып келишсе, бала 9–10 саат күтпөйт эле. Кырсык болгондон кийин тез операция жасалса, балким азыр ойгонуп калмак",- деди таякеси Ныяз Ажыматов.
Дем алыш күндөрү коомдук сайттарда видео тарап, анда Бактыгүл Ажыматова аттуу эне президенттен жардам сурап кайрылган. Баласы эки күндөн бери комада жатканын айткан эне, кырсыктан соң Оштон дарыгерлер 9 сааттан кийин келишкенин билдирген.
Ошондой эле видеодо жоокердин жакындары маселени президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлгө алып, жардам берүүсүн өтүнүшкөн.
"Бул жерде жергиликтүү дарыгерлер карап жатышат, бирок колубуздан эч нерсе келбейт, күтө туралы дешүүдө. Ош шаарынан келген дарыгерлер келип, чечим кабыл алып операция жасаганча 10–12 саат убакыт өтүп кетти",- дешкен алар.
Социалдык тармактарда эмне үчүн жоокер борборго жеткирилбей жатканы жана Оштон Баткенге дарыгерлердин 9 саатта жеткени боюнча кызуу талкуу жаралган.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт