Апрель окуясына 16 жыл: "Реформалар болду, бирок системдүү өзгөрүү ишке ашпады"

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бүгүн, 7-апрелде Кыргызстанда Апрель революциясынын 16-жылдыгы белгиленүүдө. Бул датага карата мамлекеттик мекемелердин жана коомдук уюмдардын катышуусунда эскерүү иш-чаралар өттү.

Апрель окуясында курман болгондордун жакындары Ала-Тоо аянтында жана "Ата-Бейитте" маркумдарды эскерип, куран окушту. Ошондой эле мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Чүй облусунун башчысы Элкинбек Аширбаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ата-Бейит" комплексинде Апрель баатырларын эскеришти. Алар революция курмандыктарынын мемориалына гүл коюп, куран окутушту.

Бир күн мурда Апрель революциясынын 16-жылдыгы Таласта белгиленген.

2010-жылы 7-апрелде эл ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы көтөрүлгөн. Мамлекеттик стратегиялык объекттердин менчиктештирилиши, электр энергиясына жана байланышка болгон баалардын кескин көтөрүлүшү, бийликтин бир колго топтолушу элдин нааразычылыгын туудурган. Курманбек Бакиевдин режиминин тушунда саясий куугунтуктар күчөп, эркин медиага басым жасалып, оппозиция лидерлери камалган.

Мына ушул көрүнүштөргө каршы чыккан эл 7-апрелде Бишкектеги Ала-Тоо аянтына агылып келген. Бишкектин борборунда окуялар курч мүнөздө өнүккөн. Тынчтык митингине чыккан жарандарга каршы ок атылып, 80ден ашуун адам ошол жерден курман болгон, жүздөгөн жарандар оор жаракаттарды алышкан.

Жыйынтыгында Бакиевдин режими кулатылып, ал Беларуска качып кеткен.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев Апрель окуялары Кыргызстанда олуттуу саясий реформаларга башат ачканын белгилейт:

"2010-жылы такыр башкача, децентралдашкан, тең-салмактуулукка жол ачкан Конституция кабыл алынгандан кийин жаңы шайлоолор болду. Бийлик бутактары аныкталып, толтурулуп, бел байлап калдык эле. Тилекке каршы, жаңыча, радикалдуу өзгөрүүлөр, реформага барган кадамдар көпкө узабай 2014-2015-жылдары кайра артка кетип, мурдагы кейпибизге түшүп калдык.

Апрель окуяларынан кийин Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп парламенттик башкарууга өткөн эле. Убактылуу болсо да өлкө башчылыгына Роза Отунбаева келип, бул дагы аймактагы айым президент катары биринчи саамалык болду.

Бирок Атамбаевдин тушунда башталган бийликти борбордоштуруу аракети, Октябрь окуяларынан кийин толук ишке ашып, Кыргызстан кайрадан супер президенттик башкарууга өттү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Апрель окуяларынан кийин Курманбек Бакиев жана анын жакындары (Жаныш Бакиев, Максим Бакиев) бир нече оор кылмыш иштери боюнча сыртынан соттолушту. Бакиев журналисттерге берген маектеринде ага коюлган айыптарды четке кагып келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эксперттер Апрель окуялары айрым реформаларга жол ачканы менен, системдүү өзгөрүүлөр болбой жатканын айтышат.

Серепчи Венера Акматбекова өлкөдөгү күч менен бийлик алмашкан үч учурдан кийин деле элдин мүдөөсү толук ишке ашпады деген пикирде.

"Ар бир революциялык окуялар болгон сайын биз андан ары өлкөнүн, коомдун өнүгүүсү үчүн бир жакшы жыйынтыктарды чыгарып кетпестен, тетирисинче кайра мурдагы акыбалыбызга түшүп калгандай. Саясий жактан да, экономикалык жактан стагнация сыяктуу акыбалга түшүп калып жатабыз. Үч революциянын мүдөөсү, тилекке каршы ишке ашпады".

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Адатта бул күнү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Апрель баатырларына куран окулуп, гүл коюлат. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жана облустук борборлордо эскерүү митингдери өтөт. Ага бийликтин расмий өкүлдөрү менен Апрель окуяларынын катышуучулары чакырылат.

Кубанычбек Дүйшеев Апрель окуяларынын катышуучусу. Бүгүн ал апрелчи уюмдардын эч бирине кошулбастан өзү жалгыз эле Ак үй алдына келди. Көзү өтүп кеткен тагдырлаштарына куран окутуп жатат.

СИНХРОН Кубанычбек Дүйшембиев, Апрель окуяларынын катышуучусу

"Ак Үйдүн башында снайперлер ит аткандай атып жатканын өз көзүм менен көрдүм, ошолордун арасында болдум. Кудай Сактады. Чындыгында кыргыз октон, эч нерседен коркпойт экен, ошондо көрдүм да".

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эксперттер Апрель окуялары айрым реформаларга жол ачканы менен, системдүү өзгөрүүлөр болбой жатканын айтышты. Ал эми апрелчилер өздөрү эмне дейт?

"Азыркы учурдагы бийлик келгени 35 жылдагы бийликтеги былыктар ачыкка калкып чыгып атат да. Эл ошону түшүндү. Бирок ошол кезде түзүлүп калган бийликтеги коррупциялык мафиялык система бүгүнкү күнгө чейин жоголбой жатканы өкүнүчтүү...",- деди Апрель окуяларынын катышуучусу Кубанычбек Дүйшеев.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images