Евробиримдиктин Орусияга кезектеги санкциясы, тизмеде - Кыргызстан
Сүрөттүн булагы, Киртаг
Кыргызстан Орусияга боор тартып, ага каршы санкцияларды буйтап өтүүгө жардам берип жатат деп, Евробиримдик санкция салган дүйнөдөгү биринчи өлкө болгону калды көрүнөт. Еврошаркет Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин киргизүү алдында турат. Тизмеде Кыргызстан дагы бар.
Украинадагы согушта орус аскерлери Европада өндүрүлгөн товарларды колдонуп жатышат. Ал товарларды үчүнчү өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан дагы Европадан сатып алып, Орусияга ташып жатат деп айыпталууда. Буга чейин Евробиримдик Санкциялар боюнча чабарманы Дэвид О'Салливан Кыргызстанга келип, соңку эскертүүсүн бергендей болгон.
Би-Би-Си анда Саливандын өзүнө "сизде бул продукциялар согуш талаасында колдонулуп жатканына так далилдер барбы?" деп сураган эле.
"Ооба. Биз эки топтон турган товарлардын тизмеси бар. Алар согуш талаасында колдонулган же согуш үчүн колдонулган продукцияларды чыгарган буюмдар жана аскердик-өнөр жай комплексинин өндүрүшүн көбөйтүү үчүн зарыл болгон товарлар. Ошол эле маалда айрым кош максаттагы буюмдар да бар. Мисалы радиоэлектроникалык каражаттар, татаал дрондорду жана ракеталарды өндүрүү үчүн аскердик-өнөр жай комплексине зарыл болгон компьютер менен башкарылуучу станоктор".
Кыргыз бийлиги буга чейин бир нече ирээт санкциялык эрежелерди бузбаганын айтып, Батыш өлкөлөрүн кош стандарт үчүн айыптап келди.
"Кыргызстан эч качан өзүнүн эл аралык убадаларын өзгөртпөйт. Биз сөзүбүзгө турабыз. Биз эч убакта санкцияларды буйтап өтүүгө уруксат бербейбиз. Бирок буларда "соода-сатыктын статистикасы абдан өсүп кетти" деген кээ бир шектенүүлөр болуп жатат да. Булардын жүйөсү кандай? Эстония менен Кыргызстандын ортосундагы мурунку сооданын көлөмү 1,5 миллион (доллар) экен. Анан биз ал жактан товар сатып алганда 12 миллионго көбөйүптүр. Ошондо эсептеп көрбөйсүзбү. Миң пайыздан өйдө кетип жатат да. Азыркы өсүштү эске алганда 12 миллион деген тамчы да. Мен ошонун баарын түшүндүрүп айтып бердим. Анткени биз азыр экономика өсүп жатканда Батыш мамлекеттеринин технологияларына көз карандыбыз. Биз алар кирсин деп жатабыз. Ошондуктан биз алар менен соода-сатыкты өнүктүрүп, ошо алган технологияларды Кыргызстандын өзүндө колдонуп жатабыз. Биз эч кандай башка жакка реэкспорт кылган жокпуз. Ошондуктан санкция боюнча биздин убадабыз, позициябыз эң катуу. Биз эч убакта санкцияны бузган эмеспиз. Эч убакта бузбайбыз" - деген эле Би-Би-Сиге интервью берип жатып Кыргызстандын ТИМ министрди Жээнбек Кулубаев февралда өткөн Британия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн саммитинде.
Санкциялар кирсе эмне болот?
Кыргызстан кош максатта, анын ичинде аскердик тармакта колдонууга мүмкүн болгон товарларды Европадан сатып ала албай калат. Мисалы, металл кесүүчү станокторду сатып алууга чектөө киргизилет. Ошондой эле үн, сүрөт жана маалыматтар менен алмашууну жеңилдеткен модем жана башка байланыш каражаттарын импорттоо токтойт.
"Европалык компаниялар биздин мамлекетке микрочиптер менен жабдыктарды сатпай калышат. Ошону менен катар сокторду чыгарган аспаптар да келбей калат. Сүттү кайра иштетүүчү, колбаса жасоочу инструмент, станоктор дагы келбей, запчастьттарын да алып келүү оорлойт. Бул дагы эмнеге алып келиши мүмкүн? Кээ бир кыргыз жарадандырына жабдык саткан кытайлык компаниялар дагы санкцияларды колдоп, жабдыктарды сатпай коюшу мүмкүн. Булардын ички өндүрүшкө таасири чоң эле болот. Сокку болот ишкерлерге", - деди жергиликтүү экономист Искендер Шаршеев.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетине Кыргызстандагы эки - "Керемет Банк" менен "Капитал Банкты" да киргизүүдө. Дагы бир "ТенгриКоин" компания нын да аты аталууда. Алар криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон деген кине коюлуп жатат.
Кыргызстандын жетекчилиги бул боюнча азырынча расмий билдирүүлөр жасап, реакция кыла элек.
Бирок үстүбүздөгү айда эле кыргыз президентинин администрациясы мындай айыптоолор туралуу "Бакай Банкттын" мисалында жооп берген.
Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз. Мындай чечимди жакында Брюссель соту чыгарды. "Бакай Банк" банкы "Ачык диалог фонду" (Open Dialogue Foundation, ODF) поляк-бельгиялык өкмөттүк эмес уюмуна каршы козголгон сот ишин утуп алды. 2023-жылы ODF өз сайтында макалаларды жарыялап, анда "Бакай Банкты" Россиянын пайдасына санкция чараларын айланып өтүү схемаларына катышкан деп шек санап, ага карата санкция киргизүүнү сунуштаган. "Бакай Банк" жалган айыптоолору үчүн ODF уюмун сотко берип, сот банктын пайдасына чечим чыгарды. Брюсселдин француз тилдүү ишкердик соту "Ачык диалог фонду" жетиштүү конкреттүү далилдерди келтирбестен олуттуу жана максаттуу айыптоолорду койгон деген тыянакка келген. Сот уюмду талаштуу макалаларды өчүрүүгө, соттун чечиминин толук текстин өзүнүн сайтынын башкы бетине жайгаштырууга жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирди", - деген эле президенттик басма сөз кызматкери Аскат Алагөзов.
2025-жылдын январь айында АКШ менен Улуу Британия кыргыз өкмөтүнүн катышуусундагы "Керемет Банкты" санкциялык тизмеге киргизген. Буга чейин 20 чакты жеке компанияларга киргизилген Батыштын санкциялары кыргыз өкмөтү мынчалык териктирген эмес. Бирок банкттарга келгенде маселе олутташып жаткандай таасир болду. Буга чейин кыргыз бийлиги министрлик дэңгээлинде Батыштын чабармандары менен талкууларды активдүү жүргүзүп келди.
"Биз бир нече ай мурун эле кыргыз бийлиги менен соода агымдары боюнча, импорт-экспорт көрсөткүчтөрү боюнча статистика менен бөлүшүп, мандеми бар тармактарды белгилеп кеткенбиз. Учурда Кыргызстан бул кырдаалды чечүү үчүн кандай кадам жасай алат деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - деген эле Салливан.
2025-жылдын январь айында АКШ менен Улуу Британия кыргыз өкмөтүнүн катышуусундагы "Керемет Банкты" санкциялык тизмеге киргизген. Буга чейин 20 чакты жеке компанияларга киргизилген Батыштын санкциялары кыргыз өкмөтү мынчалык териктирген эмес. Бирок банкттарга келгенде маселе олутташып жаткандай таасир болду. Буга чейин кыргыз бийлиги министрлик дэңгээлинде Батыштын чабармандары менен талкууларды активдүү жүргүзүп келди.
Кыргыз бийлиги, дегеле, санкцияларды бузганын четке кагып келет.
Былтыр сентябрдын соңунда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында сөз сүйлөп, өлкөгө салынган санкцияларды негизсиз деп атап, муну ички ишке кийлигишүү катары баалаган эле.
Жапаров Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип жатканын, эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келерин белгилеген.
Президент Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар "айрым бейөкмөт уюмдардын жана кара ниет жарандардын" жайылткан жалган маалыматтарына негизделгенин билдирип, банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даяр экенин айткан.
"2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Орусия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Орусиядан импорттолгон товарлар болгон. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Орусия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн. Кимдир бирөөлөр Орусия менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган. Бизге Орусия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди силерге караганда Орусия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат", - деген Жапаров.
Ал Кыргызстан башкалар менен тирешүүнү каалабай турганын, дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзө турганын айтып, Кыргызстан ошол эле Англияга жылына 1 млрд долларлык алтын сатарын мисал келтирген.
Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин эле киргизбестен жана Украинага 90 млрд евро насыя бөлүүнү да жактырды. Брюссель Киевди каржылоо чечимин өткөн жылдын декабрында эле кабыл алган, бирок Венгрия анын аткарылышына бөгөт коюп келген.
2026-жылдын январь айынын аягынан тартып Будапешттин башкы талабы - Украинанын аймагындагы бөлүгү жабыркаган "Достук" (Дружба) кууру аркылуу орус мунайын жеткирүүнү кайра баштоо болду. Учурда куур ишин жандантты.
Кипрдеги (бул өлкө учурда ЕБ Кеңешине төрагалык кылууда) бейрасмий саммитте европалык өлкөлөрдүн элчилери Украинага насыя бөлүүнү алдын ала макулдашты. Документтерге кол коюунун расмий процедурасы бейшемби, 23-апрелде аякташы керек. Бул күнү Кипрде Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн башчылары жолугушат.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт