Өзгөн: Сот имаратынын алдындагы мушташта эки киши бычактан жаракат алды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Өзгөн райондук сотунун короосунда тараптар ортосунда чыккан пикир келишпестик бычактан жаракат алуу менен аяктады. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Окуя шаршемби күнү, 22-апрелде болгон. Милициянын маалыматына караганда, соттук отурумга келген тараптардын ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланган. Анын натыйжасында 1983-жылы туулган С.Б. жана 1989-жылы туулган Ж.К. "учтуу нерседен" жаракат алып, ооруканага кайрылышкан.

Окуяга тиешеси бар деп шектелген 1989-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.

Бул факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Буга чейин коомдук сайттарда Өзгөндө эки киши бычак жеп, жаракат алганы айтылган видеолор тараган.