Миллиардер Жастин Сан Трамптын үй-бүлөсүнүн компаниясын сотко берди. Ал өткөн аптада Кыргызстанга келип кеткен

Жастин Сан менен президент Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жастин Сан менен президент Садыр Жапаров
    • Author, Арчи Митчелл
    • Role, Би-Би-Синин кабарчысы
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Миллиардер жана TRON криптовалюта долбоорунун негиздөөчүсү Жастин Сан АКШнын президенти Дональд Трамптын үй-бүлөсүнө таандык World Liberty Financial компаниясын сотко берди. Ал өткөн жумада Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаров менен криптовалюта тармагындагы кызматташтыкты талкуулаган.

Жастин Сан криптовалютаны чыгарган World Liberty компаниясын опузалап, ал чыгарган токендерин WLFI тартып алуу үчүн "мыйзамсыз схеманы" колдонгон деп айыптады.

Сандын айтымында, World Liberty (анын тең негиздөөчүлөрү Трамп өзү жана анын уулу Эрик) ага таандык бардык токендерди "тоңдуруп", аны компанияны башкаруу маселелери боюнча добуш берүү укугунан ажыратып коюшту.

World Liberty бул айыптоолорду четке кагып, Сан "өзүн жабырлануучу катары көрсөтүүгө аракет кылып, татыксыз иш-аракеттерин жаап-жашыруу үчүн негизсиз айыптарды коюп жатат" деп билдирди.

Сан Трамптын жана анын криптовалюталар боюнча саясатынын жактоочусу катары белгилүү. Эми ал World Liberty Financial компаниясына байланышкан "айрым адамдарды" АКШ президентинин баалуулуктарына каршы келген иш-аракеттерге айыптап жатат.

"Алар менин бардык токендеримди эч себебин айтпастан тоңдурушту, башкарууга тиешелүү сунуштар боюнча добуш берүү укугумдан ажыратышты жана мыйзамдуу негиз болбосо да токендеримди "өрттөө" жолу менен биротоло жок кылабыз деп коркутуп жатышат",-деп жазды соцтармакка Сан.

Сан Tronix криптовалютасын чыгарган TRON криптовалюталык долбоордун негиздөөчүсү катары белгилүү (ал World Liberty Financial компаниясынын ишмердиги менен байланышкан эмес). Бизнесмен башында WLFI компаниясына 45 миллион доллар инвестиция салган жана ал сатып алган токендердин баасы 1 миллиард доллардан ашканын билдирген.

Бирок, өткөн жылдын сентябрынан бери WLFI компаниясынын токенинин баасы 31 центтен 8 центке чейин түшүп кетти.

Айыптоолордун өзөгү

Сан World Liberty компаниясында катышуусун криптовалютага байланышкан иштерди көптөн бери колдогону, бул компания Дональд Трамптын үй-бүлөсүнө таандык болгону үчүн тандап алганы менен түшүндүрдү.

2025-жылдын июлунда ал 100 миллион долларга Трамптын мемкойндерин (АКШнын президенти түзгөн криптовалюта) сатып алган.

Сүрөттө: World Liberty компаниясын Трамп жана анын уулу Эрик негиздеген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: World Liberty компаниясын Трамп жана анын уулу Эрик негиздеген
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошол эле маалда Сан World Liberty компаниясынын менеджерлери, анын ичинде анын башка негиздөөчүсү Чейз Херро "шылуунчулук жол менен байып кетүү үчүн Трамптын соода маркасын колдонуп жатышат" деп ырастайт.

Сан-Францискодогу федералдык сотко жиберген даттануусунда Сан компания токендердин ээлерине келечекте криптовалюта менен соода жүргүзүүгө убада бергенин, бирок ал убадалар "жалган жана адаштыруучу" болгонун белгиледи.

Сан токендер сатыкка түшкөндө World Liberty Financial ага алардын бирин да сатууга уруксат бербегенин, эми болсо аны криптовалютасын толугу менен жок кылып, "өрттөп саларын" айтып коркутуп жатканын ырастайт.

World Liberty Financial компаниясынын дагы бир кошо негиздөөчүсү, Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткоффтун уулу Зак Уиткофф Сандын доо арызын "өзүнүн татыксыз иштеринен көңүлдү алаксытуу аракети" катары баалады.

"Ал коюп жаткан айыптар негизсиз. Сан World Liberty өзүн жана колдонуучуларын коргоо үчүн чара көрүүгө мажбур кылган туура эмес иштерге күнөөлүү", - деди Зак Уиткофф.

"Бул доо арыздан да акылсыз бир нерсе бар – бул дубалга скотч менен чапталган бананга 6 миллион доллар коротуу", - деп кошумчалады Эрик Трамп.

Эрик Трамп 2024-жылдын аягында болгон окуяны айтып жатат. Ошондо Сан Sotheby's аукционунда 6,2 миллион долларга Маурицио Каттеландын "Куудул" инсталляциясын сатып алган. Дубалга скотч менен жабыштырылган банан акыркы жылдардагы эң белгилүү инсталляциялардын бири болчу. Көп өтпөй Сан бананды жеп, муну "уникалдуу көркөм тажрыйба" деп атаган.

Жабык тергөө

Жакында эле АКШнын Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиясы Сандын ишмердиги боюнча иликтөөнү токтоткон. Демократиялык партиядан сенатор Элизабет Уоррен бул чечим бизнесмендин Трамптын криптовалюталык долбоорлоруна катышуусу менен байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдойт.

Санга "социалдык тармактарда компанияларын жарнамалоо үчүн инфлюэнсерлерге акча төлөйт" деген айып коюлуп келген, бирок бул тууралуу эч бир инфлюэнсер ачык айткан эмес.

Ал арада Дональд Трамптын интернетке байланышкан дагы бир долбоору, анын Truth Social социалдык тармагынын акцияларынын баасы кескин түшүп кетти. Социалдык тармакка ээлик кылган компания башкы директорду, мурдагы конгрессмен Девин Нунести кызматтан алды.

Акыркы бир жылдын ичинде Trump Media & Technology компаниясынын акциялары дээрлик үчтөн экиге арзандады. Фирма азырынча социалдык тармакка олуттуу сандагы жаңы колдонуучуларды тарта албай жатат. Трамп бардык билдирүүлөрүн Truth Social тармагына жарыялап келет. (ZMa)

Жастин Сан жана Кыргызстан

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров TRON платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды өткөн жумада кабыл алган.

18-апрелде Бишкекте өткөн жолугушууда мамлекет башчысы блокчейн технологияларын "жаңы санариптик Жибек жолу" деп атап, анын финансылык эркиндиктеги ролун белгилеген. Президенттин маалыматына таянсак, Chainalysis глобалдык индексинде Кыргызстан криптовалютаны колдонуу боюнча дүйнөдө 19-орунга чыгып, Борбор Азияда лидерликке жеткен.

"Бир жылга жетпеген убакыт ичинде Улуттук кеңеш жана анын Катчылыгы эбегейсиз секирик жасашты. Биз жогорку мамлекеттик деңгээлде бир нече жыйын өткөрдүк, анда рынок талап кылган: улуттук стейблкоинди ишке киргизүү, борбордук банктын санариптик валютасын (CBDC) сыноо жана пилоттук режимдерди киргизүү чечимдери кабыл алынды", — деген Садыр Жапаров.

Жолугушууда Жастин Сан Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногуна лицензия алуу ниетин билдирген. Ал HTX (мурдагы Huobi) биржасынын жана TRON экосистемасынын иштөө принциптерин тааныштырып, өлкөдө жасалма интеллект жана блокчейнди киргизүүгө көмөктөшөрүн белгилеген.

Сандын ишениминде, Кыргызстан TRON үчүн бүткүл чөлкөмгө кызмат көрсөтө турган стратегиялык өнөктөш боло алат.

Кыргыз бийлиги акыркы жылдары крипто-индустрияны мыйзамдаштыруу жана андан бюджетке киреше түшүрүү багытында активдүү кадамдарды таштоодо. Буга чейин дүйнөдөгү эң ири Binance биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао да Бишкекке келип кеткен. Жастин Сан - Чжаонун шакирти катары белгилүү.

Түбү кытайлык Жастин Сан - крипто-индустриядагы бай инсандардын бири. Forbes анын байлыгын 8,5 миллиард доллар деп баалайт. Ал 2017-жылы TRON платформасын негиздеп, кийинчерээк BitTorrent жана HTX биржасын сатып алган.