You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Гитлер армиясында согушкан борборазиялыктар
Окуу убактысы: 1 мүнөт
Нацисттик Германиянын катарында кызмат өтөгөн борборазиялык мусулмандардын окуясын көбү биле бербейт. Ошол кездеги Германиянын куралдуу күчтөрүнүн алдында түзүлгөн Түркстан легионунун мүчөлөрүн Москва саткындар деп айыптаган. Алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышы үзүлүп калган. Согуштан кийин алардын көпчүлүгү чет жактарда, Европада, Түркияда, Египетте жана АКШда отурукташып калышкан. Айрымдары Советтер Союзун ачык сындап чыгышкан. Би-Би-Синин өзбек кызматынын кабарчысы алардын унутта калган изин изилдөө үчүн АКШга барып келди.