Одесса жапырт чабуулга кабылды, курмандыктардын арасында ымыркай бар
Сүрөттүн булагы, t.me/odesa_prokuratura
Одессага жасалган түнкү чабуулдун кесепетинен 30 жаштагы аял жана анын эки жарым жаштагы кызы, ошондой эле 53 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер курмандыктар боюнча маалыматты тактап жатып билдирди.
Кипердин Telegram каналындагы маалыматына караганда, учурда 15 адам жабыркаганы белгилүү, алардын 13ү ооруканага жаткырылды. Анын айтымында, ар кандай даражадагы жаракат алгандардын арасында кош бойлуу аял, жети айлык ымыркай жана эки жашар кыз бар.
Облустук прокуратура чабуулдун максаты Одессанын энергетикалык жана жарандык инфраструктуралык объекттери болгон деп эсептейт.
"Жабыркагандар сыныктардан жаракат алган, күйүктөрү бар жана күйүүчү заттарга ууланган. Айрымдарынын абалы оор. Балдардын абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат", — деди Кипер.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, чабуулдун натыйжасында алты кабаттуу турак жайдын үч кабаты талкаланган, 20 кабаттуу турак жай комплекси жабыркаган, жеке үйлөр, административдик имараттар жана кеминде 20 унаа зыянга учураган.
Украина Куралдуу күчтөрү жалпы орусиялык 140тан ашык дрондун чабуулу майтарылганын жарыялады.
Орусия дүйшөмбүгө караган түнү Украинага 141 учкучсуз учак менен чабуул жасады. Саат 08:00гө карата алардын 114ү "атып түшүрүлдү" деп билдирди Украинанын куралдуу күчтөрү.
Маалыматка ылайык, 17 жерде 26 сокку уруучу дрондун тийгени, ошондой эле сыныктардын түшкөнү катталган.
Орусия: 50 украин дрону чабуул жасады
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде 50 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Новороссийск жапырт чабуулга кабылган.
Жекшемби күнү саат 23:00дөн дүйшөмбү саат 07:00гө чейин абадан коргонуу каражаттары тарабынан Украинанын учак тибиндеги 50 учкучсуз учагы "жок кылынды". Бул тууралуу "Интерфакс" Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө таянып жазды.
Маалыматка ылайык, дрондор Белгород, Брянск, Ростов облустарынын, Краснодар крайынын, ошондой эле Азов жана Кара деңиздин үстүнөн атып түшүрүлгөн.
Бир күн мурун министрлик саат 20:00дөн 23:00гө чейин 148 учкучсуз учак, анын ичинде Краснодар крайы жана Кара деңиздин үстүнөн атылганын билдирген.
Түн ичинде, жекшемби күнү эртең менен башталган ири чабуул тууралуу Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев кабарлады. Анын маалыматы боюнча, Новороссийск шаарында сегиз адам жабыркаган.
"Алардын экөө жеке үйдө жашаган балдар, ошондой эле бир чоң киши. Дагы үчөө - көп батирлүү үйдүн тургундары. Эки адам Кабардинка айылы менен Новороссийсктин ортосундагы трассада болушкан. Баары ооруканага жеткирилди", - деди губернатор.
Кондратьевдин айтымында, дрон чабуулунун натыйжасында Новороссийскте алты көп батирлүү жана эки жеке үй жабыркаган, "учкучсуз учактардын сыныктары бир нече ишканалардын аймагынан да табылган".
Украина бул чабуул боюнча комментарий берген жок. Буга чейин Новороссийскте украин дрондору портту бутага алышкан болчу.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт