Садыр Жапаров: Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% кыскарды
Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 22-апрелде Астанада өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитте сүйлөп жатып, Борбор Азиядагы суу ресурстарын пайдалануу, бөлүштүрүү жана компенсациялоо маселелерине көңүл бурду.
Президенттик администрациянын сайтындагы маалыматка караганда, Жапаров Кыргызстанда жылына 50 млрд куб метр суу топтолорун, анын 38 млрд куб метри коңшу өлкөлөргө кетерин белгилеген.
"Ошону менен бирге биздин өлкө өз муктаждыктары үчүн болгону 12 млрд куб метрге жакын сууну пайдаланат, ал эми калган 38 млрд куб метр суу коңшу мамлекеттерге кетет. Биз Кыргызстанда калыптанып жаткан суу ресурстарынын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айыл чарбасы ана энергетикалык, азык-түлүк жана социалдык-экономикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн чоң мааниге ээ экендигин түшүнөбүз. Муну эске алуу менен, биз ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимитин сактап, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды, гидротехникалык курулуштардын сакталышын жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келе жатабыз", - деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле ал Кыргызстан - аймактагы суу ресурстары толугу менен өз аймагында гана калыптанган жалгыз өлкө экенине токтолду.
Кыргыз лидери Бишкек ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн эски лимиттерин сактап, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды жүзөгө ашырууну, гидротехникалык курулуштарды сактоону жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келерин баса белгилеген.
Президент Кыргызстанда суу чарбасына соңку бир жылда 80 млн доллар, акыркы беш жылда 259 млн доллар бөлүнгөнүн, бул өлкөнүн бюджетинин эки пайызы экенин белгилеген. Бирок ал бул каражат эскирген инфраструктураны жаңыртууга жетишсиз экенин кошумчалады.
"Биз жасаган иштердин баары экосистемалык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат, алар бардык суу пайдалануучулар тарабынан колдоого алынышы жана биргелешип каржыланышы керек. Аймактагы өлкөлөрдүн бирдиктүү макулдашууга келиши оңой эмес, бирок биз кызыкчылыктардын тең салмагын таап, аймактагы суу жана энергетикалык ресурстарды бөлүштүрүү механизмдерине натыйжалуу экономикалык инструменттерди баскычтуу киргизүүдө комплекстүү мамилелердин негизинде өз ара кабыл алына турган чечимдерди иштеп чыгышыбыз керек", - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президенттик администрациянын сайтындагы маалыматка караганда, Жапаров дүйнөлүк парник газдарынын 0,03% гана чыгарган Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүнөн эң көп жапа чеккен өлкөлөрдүн бири экенин айткан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
«Мисал катары төмөнкү фактылар келтирилди: 2020-жылдан бери өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде сел, суу ташкындарынын саны 3 эсеге өстү, жылдык түз материалдык чыгым болжол менен 16 млн АКШ долларын түзөт; Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% кыскарды; Ысык-Көл көлүнүн деңгээли акыркы он жылдыктарда дээрлик 14 метрге төмөндөдү; көлгө куйган дарыялардын саны жүздөн ашыктан отузга чейин кыскарды; мөңгүлүү бийик тоолуу көлдөрдүн саны 1968-жылдан бери 30%га өстү» деп айтылат Президенттик администрациянын сайтында.
Кыргызстан климаттык милдеттенмелерин аткаруу үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири "жашыл" долбоорлорду ишке ашырып жатканын билдирген мамлекет башчысы, эл аралык фонддорду климаттык каржылоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө үндөдү.
Ошондой эле, ал Бишкекте энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар боюнча аймактык борбор ачууну сунуштап, кесиптештерин 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган "Бишкек+25" Глобалдык тоо саммитине чакырды.
Астанадагы саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринен сырткары Армения, Грузия, Монголия жана Азербайжандын жетекчилери катышууда.
Борбор Азияда суу ресурстары боюнча маселелер Советтер Союзу кезинен бери көтөрүлүп келет. Суунун башында турган Кыргызстан менен Тажикстан аны энергетика үчүн кышында колдонгусу келсе, төмөн жактагы Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстанга суу сугат үчүн жайында керек.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт