Дүйнө мусулмандары Орозо айтты кантип белгиледи?

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индонезияда мечитке келген мусулмандардын дене табы текшерилди

Отуз күнгө созулган орозодон кийин дүйнөнүн булуң бурчундагы мусулмандар Орозо айтты белгилешүүдө.

Орозо айт мусулмандар үчүн ыйык эсептелген майрамдардын бири. Адатта айт майрамында мусулмандар мечитке барып намаз окуйт. Бирок бир нече мамлекеттеги карантир чектөөлөрүнөн улам быйыл көптөгөндөр мечитке бара алышкан жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индонезиянын Банда-Ачех шаарындагы мечитте Орозо айтка чогулган мусулмандар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Палестиналыктар жекшемби күнү коркунучтар боюнча экскертүүлөргө карабастан мечитке чогулушту

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пандемиядан мурун эле Палестинанын саламаттыкты сактоо системасы кыйынчылыкка туш болгон. Ишемби күнү Палестинада коронавирустан биринчи бейтап каза тапты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Африканын чыгышындагы Жибутиде мусулмандар Орозо айтты адаттагыдай эле майрамдашты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Италиянын Рим шаарында мечитке келгендердин дагы дене табы текшерилди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пакистандын Пешавар шаарында намаздын алдында мечит жана анын тегереги дезинфекцияланды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Грозный шаарында мечиттердин алдында бекер беткап таратылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегеранда мечиттерде эки метр социалдык аралыкты сактоо шарты коюлду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көп өлкөлөрдө чектөөлөргө карабастан миңдегендер мечитке келди. Албаниядагы мусулмандар намазга жыгылууда

Сүрөттөрдүн автордук укугу сакталган.