Арменияда Саргсянга каршы демонстрация курчуду

Бир нече күнгө созулган нааразылык акцияларга карабастан Армениянын парламенти жаңы премьер-министрди шайлады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Демонстрацияга чыккандар мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министр катары көрсөтүлүшүнө каршы болушкан.

Оппозициячыл саясатчы Никол Пашинян демонстрацияларды тынч мүнөздөгү "баркыт ыңкылабы" деп атады.

"Биз мамлекеттик системанын ишине бөгөт койсок, бийлик элге өтөт",-деди Пашинян Еревандагы нааразылык акция учурунда.

Айрым маалыматтарга ылайык, баш калаа Еревандан тышкары Гюмри менен Ванадзор калааларында дагы эл топтолду.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Демонстранттар таштанды чогулткан кутуларды жана отургучтарды колдонуп, баш калаадагы өкмөт имараттарын тосуп алышты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Буга чейин Пашинян нааразылык акцияга чыккандарды мамлекеттик имараттарды бөгөп алууга чакырган.

Демонстранттар Ички иштер министрлигин жана Башкы прокуратура имаратын тороп алышкан. Бирок полиция демонстранттарды парламентке өткөрбөй койгон.

Миңдегендер көчөгө чыкканына карабастан, парламент 76 добуш менен Серж Саргсяндын талапкерлигин колдоду. 17 депутат каршы добуш берди.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полиция парламентти курчоого алып, демонстранттарды өткөрбөй турат

Окуя болгон жерден баяндама

Ереван шаарынан Рэйхан Демитри кабалайт

Демонстранттар таштанды чогулткан кутуларды жана отургучтарды колдонуп, баш калаадагы өкмөт имараттарын тосуп алышты.

Нааразылык акцияга чыккандар "Серж алдамчы" деп кыйрып жатышат. Буга чейин мурдагы президент өлкөнүн премьер-министр кызматына барбайм деп убада кылган.

Армениялыктардын көбү бийлик алмашканда гана өзгөрүүлөр болот деген пикирде.

Еревандагы каршылык жүрүштөрү

Дүйшөмбүдө Ереванда каршылык акциясына чыккандар менен полиция ортосунда кагылышуу орун алып, үч полиция кызматкери жана каршылык акциясынын башында турган лидери жаракат алган. ММКлар "Жарандык келишим" партиясынын жана парламенттеги фракциянын жетекчиси Никол Пашинян жаракат алып, ооруканга жеткирилгенин жазышкан.

Сүрөттүн булагы, AFP

Полиция көздөн жаш агыза турган газ колдонуп, акцияга чыккандар болсо Еравандын борбордук көчөлөрүн тороп салууга аракет кылышты.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Серж Саргсяндын каршылаштарынын митинги төрт күндөн бери уланып жатат.

Серж Саргсяндын каршылаштарынын митинги беш күндөн бери уланып жатат. Жекшембиде Никол Пашинян массалык акциялардын планын айтып, тарапташтарын көпүрөлөрдү, жолдорду бөгөп салууга чакырган.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Aкцияга чыккандар болсо Еравандын борбордук көчөлөрүн тороп салууга аракет кылышты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жекшембиде Никол Пашинян массалык акциялардын планын айтып, тарапташтарын көпүрөлөрдү, жолдорду бөгөп салууга чакырган.

Дүйшөмбүдө башкаруучу коалициясына кирген Республика партиясы жана "Дашнакцутюн" расмий түрдө Серж Саргсянды премьерлик кызматка көрсөткөн.

Саргсян 2007-жылдан бери жогорку кызматтарды ээлеп келди. 2008-жылы өлкөнүн президенти болуп шайланган. 2013-жылкы шайлоодо кайрадан президенттик кызматка келет. Ушундан кийин Армения башкаруунун парламенттик формасына өтүүгө даярдана баштаган. Ага ылайык премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президентин укуктары кыскарган.

Эгерде Саргсян өкмөт башына келсе, 2022-жылга чейин бул кызматта калат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, AFP

9-апрелде жаңы шайланган Армения президенти Армен Саркисяндын инаугурациясы болгон. Ал мурда Армениянын Улуу Британиядагы элчиси кызматында иштеген. 2015-жылы референдум аркылуу өзгөртүлгөн Баш мыйзамга ылайык Армен Саркисян парламент шайлаган Армениянын биринчи президенти болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Серж Саргсяндын президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин эле өкмөт дагы отставкасын жарыялады. (AbA)