Кыргызстан: Баңгизат чегип алып, кылмыш жасагандар көбөйдү

Сүрөттүн булагы, Getty
Кыргызстандын ички иштер министрлиги билдирген маалыматка караганда, өткөн жылы баңгизат чегип алып кылмыш кылгандар эки эсеге көбөйдү.
Анын ичинде Чүй облусунда беш эсеге, Ошто эки эсеге, Бишкек шаарында 66 пайызга өскөнү кабарланды. Нарын жана Баткенде болсо бул көрсөткүч төмөндөгөн.
“Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө 23 миңден ашык кылмыш катталган. Бул 2013-жылга салыштырмалуу 0,5 пайызга азайган дегенди билдирет. Анткен менен маңзат чегип алып, кылмышка баргандардын саны көбөйүүдө. Мурда 13 болсо, өткөн жылы 22 факт катталган”, - деди ИИМдин коомдук коопсуздукту сактоо башкармалыгынын жетекчиси Эркин Баев.
Укук коргоо органдарынын кара тизмесинде мыйзамсыз маңзат соодасына кыныккан 300гө чукул адам турат. Эки жыл мурда мындайлардын саны 230 болчу. Андан тышкары баңгизат соодасы менен шугулданган отуздай топ негизинен туугандык жана улуттук негизде биригип иштешет.

Сүрөттүн булагы, b
Расмий маалымат боюнча, өлкөдө 9200 адам баңгизат колдонот. Бейрасмий булактарда мындайлар жыйырма беш миңге чейин жетет деп айтылып келатат. Адистер маңзат колдонгондордун санынын улам өсүшү Кыргызстандын Афганистандын маңзаты ташылып өтчү жолдо жайгашканы менен байланыштырышат.
УКМКнын мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков Кыргызстан маңзатты өткөрүүдө транзиттик өлкө гана эмес, маңзат көп колдонгон өлкөлөрдүн катарына кирип баратат деп эсептейт:
“Акыркы мезгилде маңзат соодасы менен алектенгендер гана эмес, аны колдонгондордун саны да өсүп жатат. Алардын арасында жаштар баасымдуулук кылат. Ысык-Көл, Чүй жана башка аймактарда өскөн маңзаттын жеңил түрүн, Афганистандан ташылып жаткан оор түрүн да колдонгондор көбөйдү”.
Афганистандан ташылган баңгизаттар Борбордук Азия өлкөлөрүн ичинен жеп жаткан ири коркунуч бойдон калууда. Акыркы жылы апийимдин түшүмү Афганистанда рекорддук чекке жеткени, апийим аянттары 224 миң гектарга чыкканы БУУнун отчетторунда айтылууда. Байкоочулардын баамында, мунун Кыргызстанга да кесепети оор болушу мүмкүн.































