Фото: Күз элегиясы

Ошентип октябрь ортолоп, күздүн боёктору суктандырып да, кээде белгисиз кусалыкты ойготуп турган маалы. Сиздерге Британиянын ар кайсыл жерлеринен тартылган сүрөттөр топтомун сунуштайбыз. Ноттингемшир аймагындагы ашкабак талаасы, Льюис шаарынын чет жакасындагы жүзүм бакчасы, Лондондогу Ричмонд паркындагы бугулар.

Сүрөттүн булагы, Neil Squires/PA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ноттингемге жакын жердеги Ганторп кыштагындагы Трент дарыясы. Күн батып бараткан маал. Бул ажайып көрүнүштү фотограф Нил Сквайрс сүрөткө тарткан.

Сүрөттүн булагы, Neil Squires / PA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күзгү элегия (Автору Нил Сквайрс)

Сүрөттүн булагы, James Dadzitis / SWNS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бийиктиктен тартылган Девон. Жеймс Дадзитис тарткан сүрөт.

Сүрөттүн булагы, SWNS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мейденхеддеги күзгү боектор.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тумандуу таң. Амберлидеги Улуттук Саут-Даунс паркындагы күн чыгып келе жаткан маал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саут-Даунс паркы.

Сүрөттүн булагы, SWNS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шотландиянын Килликранки кыштагына жакын жердеги Гарри дарыясынын үстүндөгү көпүрө.

Сүрөттүн булагы, SWNS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үч жаштагы Энни ашкабак талаасында. Кирклингтон (Түндүк Йоркшир) кыштагындагы бул фермада жыл сайын 10 млн. жакын ашкабак өстүрүлөт.

Сүрөттүн булагы, SWNS

Сүрөттүн булагы, PA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вустершир аймагындагы Виктория көпүрөсүнөн өтүп бараткан поезд.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Льюис шаарынын чет жакасындагы жүзүм бакчасында ыктыярчылар жардамга келишкен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жүзүм түшүмдүү болуп, күз айы чыны менен эле "ак төөнүн карды жарылган" берекесин көрсөтүүдө.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондондун Ричмонд паркындагы бугулар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ричмонд парктагы таңдын атышы.

Сүрөттүн булагы, SWNS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Глазго Грин паркы.

Сүрөттүн булагы, SWNS

Сүрөттөрдүн автордук укугу корголгон.