Кемпир-Абад иши боюнча жарыш сөз башталды, прокуратура ишти кайра райондук сотко жиберүү өтүнүчүн келтирди

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кезектеги сот отуруму өтүүдө. Бул күнү тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди. Жарыш сөздөн кийин өкүм чыгышы керек.

Бүгүнкү отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Кемпир-Абад ишин кароону кайрадан райондук сотко жиберүүнү өтүнүштү. Бул тууралуу сотко катышып жаткан айыпталуучулар билдиришти.

2022-жылдын мамлекеттик чек араны тактоо боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн келишим саясий жаңжалды жараткан. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин берилишине каршы болгон 27 адам - белгилүү саясатчылар, активисттер жана укук коргоочулар 2022-жылдын октябрь айында кармалган. Алар "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренелери менен айыпталган.

Бул кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф берилгендиктен, соттук териштирүүлөр жабык эшик артында өтүүдө. Ошондой эле айрым айыпталуучуларга карата козголгон иштер өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп берилген.

2024-жылдын июнь айында Биринчи май райондук соту бул иш боюнча айыпталган 27 адамдын 22син актап, тергөө абагында кармалып келген сегиз айыпталуучуну сот залынан бошоткон. Акталгандар мындай чечимди күтпөгөнүн билдирип, сот адилет чечим чыгарганын айтышкан.

Бул чечимге макул болбогон мамлекеттик айыптоочулар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, иш ошондон бери жогорку инстанцияда каралып келген.

Айыпталып жаткандар коюлган киненин баарын четке кагып, муну саясий куугунтук катары сыпаттап келишет.