Оштогу жаңы базардын директору кармалды

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Оштогу жаңы базардын директору кармалды. Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Би-Би-Сиге тастыктады.

Алдын ала маалыматка караганда, кармалган жаран пара талап кылууга байланыштуу шектелүүдө.

Учурда укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери уланып жатканы, кошумча маалыматтар кийинчерээк берилери айтылды.

Ош шаарындагы борбордук жаңы базар 2025-жылдын жай айларынан тартып иштей баштаган.

2024-жылдын июль айында мурдагы базарды сел каптап, сатуучулар олуттуу чыгымга учураган. Ушундан кийин шаар бийлиги базарды коопсуз аймакка көчүрүү чечимин кабыл алган.

Учурда жаңы базарга шаардагы бир нече ири соода жайлары этап-этабы менен көчүрүлүп жатат.

Жаңы соода комплекси заманбап талаптарга ылайык курулуп, соодагерлер жана кардарлар үчүн бардык негизги шарттар каралганы айтылууда.