Садыр Жапаров менен Владимир Путин Москвада эмнени талкуулады?

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров менен Владимир Путин. 23-апрель, 2026-жыл
    • Author, Заирбек Бактыбаев, Би-Би-Си
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-апрелде Москвада Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолукту. Кездешүү өтөрү тууралуу алгач болуп кабарлаган орусиялык журналисттер муну жабык жолугушуу деп сыпатташты. Ошондой эле аны Евробиримдиктин Кыргызстанга байланышкан санкцияларды киргизген учурга туш келгенине көңүл бурушту.

Жолугушуунун журналисттер үчүн ачык өткөн учурашуу бөлүгүндө Владимир Путин эки өлкөнүн өкмөттүк командалары активдүү иштеп жатканын белгиледи.

"Биздин бардык макулдашууларыбыз аткарылып жатканын белгилегим келет. Эки тараптан тең биздин командалар активдүү жана интенсивдүү иштеп жатышат. Бул иштин жыйынтыктары бар, алар Кыргызстандын экономикалык өсүү темпинен көрүнүүдө. Сиздин бүгүнкү иш сапарыңыз да мамилелерибиздин өнүгүшүнө кызмат кылат деп ишенем", - деди Владимир Путин.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматы тараптар регионалдык күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү боюнча позициялары тууралуу пикир алышканын жазды. Ошондой эле экономикалык кызматташтык талкууланган.

"Бул жумушчу жолугушууга макул болгонуңуз үчүн сизге ыраазычылык билдирим келет. Бизди тарыхый достук байланыштарыбыз бириктирип турат. Биз Орусия Федерациясынын стратегиялык өнөктөшү жана негизги союздашы болуп келгенбиз жана ошол бойдон кала беребиз. Сизге белгилүү болгондой, биз сиздер менен көптөгөн эл аралык уюмдардын, анын ичинде ШКУнун активдүү мүчөлөрү болуп саналабыз. Ошондуктан, ушул жылы 31-августта жана 1-сентябрда Бишкекте ШКУнун саммити өтөт. Ушуга байланыштуу сиздин сапарыңызды жана ШКУ саммитине катышууңузду чыдамсыздык менен күтөбүз. Ал эми азыр бизде эки тараптуу маселелерди талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Биз сиз менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн көптөгөн маселелери боюнча өз ара пайдалуу шарттарда пикир алмашабыз деп ишенем", -деди Садыр Жапаров кездешүүдө.

23-апрелде Европа Биримдиги санкциялардын 20-пакетин жактырып, Орусияга чектөөлөрдү айланып өтүүгө жардам берген үчүнчү өлкөлөргө каршы механизмди алгачкы ирет ишке киргизди. Анын алкагында Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салды. Еврошаркет буга чейин Орусиядан тышкары башка бир катар мамлекеттерде жайгашкан компанияларга, банктарга же жеке адамдарга санкция салып келсе, бул ирет уюм Украинадагы согушка байланыштуу биринчи жолу үчүнчү өлкөгө багытталган экспортуна тыюу салып жатат.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусиялык журналисттин "Кыргызстан Орусияга берилгендигинин айынан жазаланып жатабы?" деген суроосуна мындайча жооп берди:

"Бул Орусияга болгон берилгендик эмес, бул биринчи кезекте өзүнүн жеке кызыкчылыктарына болгон берилгендик. Эгер өлкө кандайдыр бир ишти өз кызыкчылыгы үчүн жасап жатса, демек, бул башка тараптан келиши мүмкүн болгон потенциалдуу пайданын көлөмүнөн ашып түшкөн белгилүү бир пайданы берет. Ал эми бул өзүн акталган тобокелдик болуп саналат".

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргыз өкмөтү азырынча Евробиримдиктин санкцияларынын жаңы пакети боюнча расмий билдирүү жасай элек. Бирок буга чейин Садыр Жапаров баштаган расмий Бишкек Кыргызстан санкциялык режимди бузбаганын бир нече ирет кайталап, Батыш өлкөлөрүн "кош стандарттуулук" үчүн айыптап келген.

Талдоочу Марс Сариев Кремлдеги жолугушууда геосаясий темалардан тышкары, Кыргызстандын ички темалары да талкууланды деген ойдо:

"Кыргызстанда эмдиги жылы январда президенттик шайлоо болот. Москва дагы буга аябай көз салып жатат. Жапаров да саясий капитал топтоюн деп жатат. Экинчиден, Батыш кээ бир товарлар кирбесин деп, Кыргызстанга санкция салды. Ошондуктан бул чоң саясий салмагы бар жолугушуу деп ойлоп жатам. Орусия Кыргызстанды, Тажикстандын жана Түркмөнстанды форпост катары көрүп жатат".

Саясат талдоочу Адил Турдукулов бул сүйлөшүүлөрдүн маңызы ачыкталбаганын эки өлкөдөгү демократиялык баалуулуктардын, ачык-айкындуулуктун абалы менен байланыштырды.

"Чыныгы демократиялуу мамлекеттерде сүйлөшүүлөрдүн маңызын билүүгө баарыбыз, жарандык коом мүмкүнчүлүк алмакпыз. Ошондуктан биз имиш менен ушактын ортосунда анализ кылууга аракет кылып жатабыз. Эмне сүйлөшүүлөр болгону бүдөмүк. Бирок азыркы саясий фонду эске алганда кайсы темалар тууралуу сөз болгону белгилүү эле болуп жатат окшойт. Анткени Кыргызстанда Москва менен Бээжинге стратегиялык жактан абдан мааниге ээ болгон ШКУнун саммити өтөт. Бул да маанилүү. Экинчиден, Кыргызстанга болгон санкциялар. Мындан тышкары, Кыргызстанда да чоң саясий процесстер болуп жатат. Мисалы, Ташиевдин отставкага кетиши, президенттик шайлоо келе жатат. Ошондой эле Украинадагы согуш жана биздин жарандар ал жакта мерт болуп жатканы, Орусияда мигранттарга басым болуп жатканы да сөзсүз түрдө биздин бийликти тынчсыздандырат. Ушундай маселелерди талкуулоо жана жеткирүү кыргыз тараптын максаты болду деген ойдомун".

Москвага барардын алдында, 22-апрелде, Садыр Жапаров Астанада өткөн Регионалдык экологиялык саммитке катышкан эле.