Орусия: Блогер менен бийликчил журналисттердин тиреши
Сүрөттүн булагы, instagram.com/victoriabonya/Donat Sorokin/TASS
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Бир жума мурда Инстаграмдын жылдызы Виктория Боня Владимир Путинге кайрылган. Блогер эл президенттен коркорун, ал эми аткаминерлер Путинден чыныгы көйгөйлөрдү жашырып жатканын айткан эле. Кремлдин укмаксанга салган реакциясына карабастан, бийликчил маалымат каражаттары жана блогерлер Боняны туш тараптан талоонго алышты. Боняга өзгөчө оройлук менен телеалпаруучу Владимир Соловьев жооп кайтарды. Ал эми Боня Соловьевду сотко берерин билдирди.
Боня деген ким?
Бонянын атагы 2006-2007-жылдары "Дом-2" реалити-шоусуна катышкандан кийин чыккан. Кийинчерээк ал ар кандай оюн-зоок долбоорлоруна катышып, Инстаграмда өзүнүн блогун өнүктүрүп, көп сандагы катталуучуларды тарта алган.
Ушул тапта Орусияда Инстаграм бөгөттөлгөнүнө карабастан, Монакодо жашаган Бонянын күнүмдүк турмушуна 13 миллиондон ашык катталуучу көз салып турат.
Медиа тармагында болсо блогер ар кандай кутум теорияларынын жана натыйжалуулугу далилденбеген бьюти-практикалардын тарапкери катары белгилүү болду.
Тактап айтканда, Боня коронавирус пандемиясы күч алган маалда ал 5G мунараларынын зыяны жана вакциналар аркылуу "чиптелүү" жөнүндө идеялардын негизги жайылтуучуларынын бирине айланган.
Блогердин Путинге кайрылуусу
Өткөн дүйшөмбү күнү Боня Инстаграмдагы баракчасы аркылуу Путинге кайрылып, Орусиянын калкы президенттен коркорун айтты.
"Владимир Владимирович, сизден коркушат. Эл, блогерлер, артисттер, губернаторлор сизден коркуп жашашат. Ал эми сиз өлкөбүздүн президентисиз. Биз сизден коркпошубуз керек деп ойлойм", - деди блогер.
Боня ошондой эле орусиялык президентке айтылбай жатат деп эсептеген көйгөйлөрдү санап өттү. Блогер атаган көйгөйлөрдүн арасында Дагестандагы суу ташкыны, Анападагы мазуттун төгүлүшү, Новосибирск облусунда малдын жапырт жок кылынышы, интернеттин бөгөттөлүшү, ошондой эле экономикадагы оор кырдаал бар.
Виктория Боня Путин менен элдин ортосунда "дубал тургузулганын", ал эми өзү аны бузуп өткүсү келерин билдирди. Ошол эле учурда ал президентти колдоп, аны "күчтүү саясатчы" деп эсептей турганын белгиледи.
Бир жуманын ичинде Бонянын кайрылуусу дээрлик 30 миллион жолу көрүлүп, 116 миңден ашык репост жасалган.
Бонядан кийин Инстаграмдын дагы бир жылдызы, рэпер Гуфдун мурдагы жубайы Айза Долматова Путинге кайрылуу жазып, бирок бир нече күндөн кийин аны өчүрүп койду.
Кремль кандай жооп кайтарды?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
16-апрелде журналисттердин өтүнүчү боюнча Бонянын кайрылуусуна Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков комментарий берди. Ал Бонянын атын атабастан, "блогер көтөргөн темалар бийликтин көз жаздымында калбаганын" билдирди.
"Кайрылуунун автору бул маселелерди чоң кызыгуу менен белгилеген экен. Ооба, чындыгында, бул кыйла резонанстуу темалар, бирок, калыстык үчүн айтайын, көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүнөн көп иштер жүргүзүлүп жатат, бул процесстерге көп адамдар тартылган жана мунун баары көңүл сыртында калган жок", - деди Песков.
Ошол эле күнү Боня көзүнө жаш алып, Кремлге "кайдыгер басып кетпегени үчүн" ыраазычылыгын билдирген дагы бир видео чыгарды.
Блогер аны кандай тагдыр күтүп жатканын билбестигин айтып, бирок кандай болгон күндө да "бул ошого арзый турганын" белгиледи. Боня Путинге кайрылуусу үчүн ага эч ким акча төлөбөгөнүн, бирок эгерде мындай кайрылуу жасабаса, "орус духуна чыккынчылык болмоктугун" айтты.
Кремлчил медиа каражаттарынын жана блогерлердин реакциясы
Кайрылуу жарыяланар замат кремлчил медиа каражаттары жана блогерлер Боняны "саткын" деп атап, "Батыштын риторикасын жайылтууда" деп айыптап, ага туш тараптан чабуул коюшту.
Тактап айтканда, Z-блогер Юрий Подоляка Бонянын кайрылуусу "Орусияны дүрбөлөңгө салуу боюнча чоң пландын бир бөлүгү болгонун" айтса, Мамлекеттик Думанын депутаты Виталий Милонов Боняны "билими начар блогер" деп атап, анын билдирүүлөрүн алдыдагы шайлоого байланыштырды. Милонов YouTube'дагы "Хачтын күндөлүгү" каналына берген маегинде "Бонянын Дубайда эскорт менен күн көрөрүнө чын жүрөктөн ишенерин" билдирди.
Соцтармактардагы боттор да Бонянын кайрылуусуна күчтүү реакция жасашты. "Ботнадзор" долбоорунун кызматкерлери "Агенттик" басылмасына ("чет элдик агенттердин" реестрине киргизилген) билдиргендей, "ВКонтакте" соцтармагындагы боттор бир күндүн ичинде Бонянын аты аталган ар бир постко бери дегенде 16 пикир калтырышкан.
Бирок Бонянын негизги оппоненти теле алып баруучу Владимир Соловьев болду. Ал блогердин кайрылуусу "ошол замат Батыштын көңүлүн бурганын" айтып, муну "атайын операция" деп атады. Кремлдин пропагандисти Соловьев Боняны "Украинанын президенти Владимир Зеленский жиберген агент", "көптү көргөн, бузулган аял" жана "саткын катары белгилүү персонаж" деп атады.
Мындан тышкары, Соловьев Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге жана Башкы прокуратурага кайрылып, "Бонянын ишмердигине укуктук баа берүүнү" өтүнүп, Орусиянын Юстиция министрлигинен эмне үчүн блогер дал ушул маалда "чет элдик агент" деп табылбаганына кызыкты.
Бонянын жообу
18-апрелде Боня видео чыгарып, анда Соловьев менен Милоновго, ошондой эле блогер Артемий Лебедевге каршы жамааттык доо арыз даярдап жатканын билдирди.
"Учурда салттуу баалуулуктар жөнүндө көп сөз болуп жатат. <...> Эркектердин федералдык каналдардын түз эфиринде аялдарды кемсинтип жатканы салттуу баалуулуктарга киреби?", - деп айтты блогер.
Лебедев Боня тууралуу эч нерсе айткан эмес, бирок "Натальная карта" шоусунда ал алып баруучу Олеся Иванченкону өтө орой сөз менен кемсинткен.
Боня "бул адамдардын кемсинтүүсүнө кабылган" аялдарды ага кошулуп, сотко берүүгө үндөдү.
Жекшемби күнү Боня жасалма интеллекттин жардамы менен жасаган видеону Инстаграмда жарыялады. Ал видеодо Боня суперкаарман образында Соловьев, Лебедев жана Милонов менен кармашып жатканын көрүүгө болот.
Боня видеодо "Болду, сабырым түгөндү", - деп айтат.
Бонянын кайрылуусуна дагы кимдер көңүл бурушту?
Бонянын кайрылуусуна Орусиянын гана эмес, Батыштын да медиа каражаттары көңүл бурушту. Бул темада эксперттердин пикирлерин кошуп, макала жазгандардын катарында британиялык The Guardian гезити, америкалык CNN телеканалы жана испаниялык El Pais басылмасы бар.
Алар Бонянын кайрылуусунан орусиялык коомдо "өзгөрүүлөр башталганын", ал эми блогер "оппозициянын риторикасын күчөтүп жатканын" байкашты.
The Guardian гезити саясат таануучу жана Путиндин мурдагы спичрайтери Аббас Галлямовдун ("чет элдик агенттердин" реестрине киргизилген) "Боня оппозициялык лагерге толугу менен жаңы аудиторияны тартып жатат", - деп айтканын жазды.
Боня Батыштын медиасына жана оппозициялык маанайдагы маалымдоо каражаттарына да жооп кайтарды. Кремлдин комментарийинен кийин чыгарган видеодо өзү тууралуу Би-Би-Сиге жана "Дождь" басылмасына ("чет элдик агенттердин" реестрине киргизилген) чыккан материалдарды көргөнүн айтып, "аны оппозицияга аралаштырбоону" өтүндү.
"Суранам, мени ал жакка аралаштырбасаңар, мен силер менен эмесмин, мен эл мененмин, мен элдин ичиндемин", - деди Боня. (ZMa)
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт