"Кыргызнефтегаз" иши боюнча төрт киши кармалды, Орунбеков Ташиевдердин аты аталган схема кантип иштеп келгенин түшүндүрдү

ыфваы

Сүрөттүн булагы, ИИМ тараткан сүрөт

Окуу убактысы: 3 мүнөт

Ташиевдердин аты аталган "Кыргызнефтегаздагы" коррупция фактысы боюнча төрт киши кармалганын 18-мартта Ички иштер министрлиги билдирди. Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев буга чейин алардын аты аралашкан иштер боюнча дооматтарды четке каккан.

"1983-жылы туулган Н.Н. ("Кыргызнефтегаз" ААКтын Башкармалыгынын мурдагы төрагасы), 1980-жылы туулган А.Р. («Кыргызнефтегаз» ААКтын Башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары), 1988-жылы туулган А.Н. (тиешеси бар компаниялардын биринин директору), 1990-жылы туулган М.Б. (тиешеси бар компаниянын мурдагы директору) кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган адамдар Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Айрым маалымат каражаттары жогорудагы инициалдарга "Кыргызнефтегаздын" башкармалыгынын мурдагы төрагасы, экс-депутат Нургазы Нишанов, "Кыргызнефтегаз" ААКтын Башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Руслан Алтымышев, "Регион Ойл" фирмасынын директору Назгүл Айдарова жана "Кыргыз Петролеум Компани" заводунун экс-директору, Ташиевдердин жээни делген Байгазы Матисаков туура келерин жазышууда.

ИИМ буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде "Кыргызнефтегаздагы" коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Ал арада Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков "Кыргызнефтегаз" жана анын туунду ишканасы "Кыргыз Петролеум Компаниде" аныкталды делген коррупциялык схемалар тууралуу маалымат берди. Салык кызматы тарабынан аныкталган бул мыйзамсыз аракеттерди УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү жана жакындары көзөмөлдөп келгени кабарланган. Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев андай дооматтарды четке какты.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун 18-мартта Фейсбукка жазганына караганда, 2021-жылдан баштап аталган ишканалар Камчыбек Ташиевдин түздөн-түз таасиринде болуп, аны жээни Байгазы Матисаков жетектеп келген. Так ушул маалда мамлекеттик казынага чоң зыян келтирген схема ишке киргизилген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Схема кандай ишке ашырылганын жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп берейин: "Кыргызнефтегаз" казган чийки мунайды "Кыргыз Петролеум Компани" заводу кайра иштетип, өндүрүлгөн мунай продуктыдан киреше табышы керек болчу. Бирок бул эки ишкананын ортосуна Ташиевдин үй-бүлөсү тарабынан түзүлгөн жеке ортомчу компаниялар киргизилип, мунайды кайра иштетүү ошолор аркылуу өткөндөй көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө кайра иштетүүнү мамлекеттик завод аткарганы менен, даяр продукция Ташиевдерге таандык компаниялар аркылуу башкаларга сатылып, негизги киреше мамлекетке эмес Ташиевдерге түшүп турган. Аи-80 бензини жана дизель ички рынокто колдонулбаса да, Ташиевдердин фирмасы - нефть менен иштеген жергиликтүү эки ири компанияга сатып, мажбурлап алдыртып келишкен. Басымдын таасири менен сатып алган компаниялар Аи-80 маркасындагы бензинди жана дизелди Россиядан келген жогорку сапаттагы бензинге жана дизелге аралаштырып, анан элге сатышкан. Муну нефтрейдерлер "шакарап" деп атап коюшат экен", - деп жазды Орунбеков.

Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин гана бул компаниялар сапатсыз күйүүчү майды сатып алууну токтотушкан. Натыйжада ишкананын кампаларында Аи-80дин чоң запасы топтолуп калган. Орунбековдун айтымында, бул маселени чечүү үчүн өкмөт учурда сапатсыз күйүүчү майды Тажикстан жана Ооганстанга экспорттоого убактылуу уруксат берген.

"Эми "Джунда" жана "Кыргыз Петролеум Компани" ишканаларынан өндүрүлгөн Аи-80 маркасындагы бензин жана дизелдик күйүүчү май Тажикстан жана Афганистанга экспортко чыгарылып баштайт. Ал эми Россия Федерациясынан алынып келинген евростандарттагы күйүүчү май өлкөдөн сыртка чыгарылбайт. Мамлекет "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын модернизациялоону баштады, жумуш эки жыл ичинде аяктайт. Завод модернизациялоодон өткөндөн кийин евростандарттагы күйүүчү майдын түрлөрүн чыгарып, ички талаптарды камсыздап баштайт", - деди Орунбеков.

ИИМ 17-мартта "Кыргызнефтегаздагы" схемалар тууралуу Салык кызматынын иликтөөсүнөн кийин Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Cалык кызматы 16-мартта мунай тармагындагы ири коррупциялык схема ашкереленгени айтылган "Өз кишилер үчүн мунай: "Кыргызнефтегазды" кантип курутушту?" аттуу видеосюжет жарыялаган. Иликтөөдө өлкөнүн стратегиялык ишканасынан 5 жыл ичинде 7 миллиард 615 миллион сомдук чийки зат ортомчу фирмаларга сатылып турганы баяндалат.

Видеодо бул схеманын айынан мамлекет кеминде 3 миллиард 148 миллион сомдук пайдадан куру калганы, жалпы болжолдуу зыян 4 миллиард 175 миллион сомдон ашары көрсөтүлгөн.

16 мүнөттүк иликтөөдө 2021-2025-жылдар аралыгында "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик компаниясы өндүрүлгөн мунайдын 30% (262 миң тонна) түз өзүнүн "Кыргыз Петролеум Компани" заводуна бербестен, Ташиевдерге байланышы бар жеке компанияларга сатканы айтылат. Бул фирмалар чийки затты кайра эле "Кыргызнефтегаздын" "Кыргыз Петролеум Компани" заводуна иштетүүгө берип, даяр продукцияны өздөрүнө алышкан.

Мындан тышкары программада "Мока Групп" фирмасы тууралуу да сөз болот. Анын негиздөөчүлөрүнүн арасында Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев бар экени, 2020-жылдын 6-ноябрына чейин негиздөөчүсү Камчыбек Ташиев өзү болгону тууралуу сөз болот.

"Солярканы Таймурастын "Мока Групп" фирмасы да сатып алган жана андан ары мамлекеттик сатып алуулар аркылуу негизинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана башка муниципалдык ишканаларга саткан", - деп айтылат иликтөөдө.

Бул учурда "Кыргызнефтегазга" караштуу мунай иштетүүчү "Кыргыз Петролеум Компанини" УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетектеп турган.

Өткөн айда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан алынгандан көп өтпөй Байгазы Матисаков да жумуштан бошотулган.

17-мартта Таймурас Ташиев айтылган дооматтар боюнча үн катты. Ал 2021-2025-жылдар аралыгында "Кыргызнефтегаз" дээрлик 358 миң тонна дизелдик отун өндүрсө, өзүнүн "Мока Групп" компаниясы болгону 5 миң 463 тонна дизелдик күйүүчү май сатып алганын, бул көлөм "Кыргыз Петролеум Компани" өндүргөн дизтопливанын 1,53 % гана түзөрүн айткан.

"Мага жеткен маалыматтарга ылайык, учурда "Кыргыз Петролеум Компани" дизтопливо өндүрүшүн жакынкы күндөрү токтотуу алдында турат. Анткени, алардын кампалары толуп, дизтопливону сатып алуу кескин азайганы айтылып жатат. Анын тийиштүү адистери жеке фирмаларга байланышып, дизтопливо сатып алуусун сунуштап, кардар издеп жатышканы дагы белгилүү болду. Тийиштүү тараптардан болсо, бизге байланыштуу туура эмес маалыматтарды таратпооңуздары суранабыз", - деп жазган Таймурас Ташиев.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары "Кыргызнефтегаздагы" коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Таймурас Ташиев да милицияга суракка чакырылганын жазышкан. Бирок ИИМден Таймурас Ташиев бул иш боюнча суракка алынбаганын кошумчалашты.