Кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилешүүдө

Видеонун түшүндүрмөсү, Кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилешүүдө
Кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилешүүдө

21-мартта кыргызстандыктар Нооруз майрамын шаң менен белгилешүүдө. Майрамдык иш-чаралар өлкөнүн ар бир облусунда мамлекеттик жетекчилердин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, коомдук ишмерлердин жана калың элдин катышуусунда өтүп жатат.

Президент Садыр Жапаров Ноорузду белгилөө үчүн Нарынга барды. Ал эми Ош шаарындагы салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана облус башчысы Аманкан Кенжебаев катышты.

Баткен, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында майрамдык иш-чаралар менен катар улуттук оюндар өтүп жатат.