Чаплин. Кыргыз эркин күрөшүндөгү жаңы ысым
Чаплин. Кыргыз эркин күрөшүндөгү жаңы ысым
Чаплин - дүйнөдөгү эң белгилүү ысымдардын бири. Мындай фамилияны алып жүргөн кыргыз балбаны тууралуу билет белеңиз?
Жыйырма жаштагы Яков Чаплин Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курамасынын лидерлеринин бири. Ал жакында эле Бишкекте жыйынтыкталган Азия чемпионатында 92 килограмм салмакта коло медаль утуп, эл аралык аренада өзүн көрсөтө алды.



