Куралчан адамды токтотуп калган мектеп директору

Видеонун түшүндүрмөсү, Куралчан адамды токтотуп калган мектеп директору
Куралчан адамды токтотуп калган мектеп директору

АКШнын Оклахома штатындагы мектепте куралчан адамды токтотуп калган директор Кирк Мур ооруканадан чыкты. 7-апрелде мурда бул мектепте окуп кеткен Виктор Хокинс аттуу адам окуу жайга тапанча көтөрүп кирген. Кирк Мур аны дароо басып жыгылып, туш келди ок атууга жол берген эмес. Хокинске курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, адам өлтүрүүгө аракет кылуу сыяктуу бир нече берене менен айып тагылууда.