АКШ Иранга бара жаткан кемени басып алды
АКШ Иранга бара жаткан кемени басып алды
АКШ Оман булуңунда Иранга бара жаткан жүк ташуучу кемени басып алды. Борбордук командачылык билдиргендей, "Туска" аттуу кеме америкалык аскерлердин эскертүүлөрүнө карабастан АКШнын деңиз блокадасын бузуп өтүүгө аракет кылган.
Ал ортодо Иран бийлиги Кошмо штаттары элдешүү келишимин бузганын ырастап, Ормуз кысыгы жабык бойдон каларын билдирди.



