"Госпереворот". Текебаевдин талкуу жараткан сөзү
"Госпереворот". Текебаевдин талкуу жараткан сөзү
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев социалдык тармактагы акыркы билдирүүсүнөн улам келип чыккан талаш-тартыштарга байланыштуу түшүндүрмө берди. Талкууга элчинин 19-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Берлинге болгон сапарынан кийин жазган посту себеп болгон. Анда Текебаев өзүнүн жана Маматалиевдин кызматка келген шарттарын салыштырып, "удачный госпереворот" жана "неудачный госпереворот" деген сөздөрдү колдонгон.



