"Кыргызиндустрия" президенттин иш-башкармалыгына өттү

Сүрөттүн булагы, Social media

Окуу убактысы: 1 мүнөт

"Кыргызиндустрия" мамлекеттик мекемеси президенттин иш-башкармалыгынын карамагына өттү. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бул тууралуу маалыматты Би-Би-Сиге Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен тастыкташты.

"Кыргызиндустрия" 2021-жылы өндүрүш секторун көтөрүү максатында түзүлгөн жана башында өлкө экономикасы үчүн чоң үмүт жараткан демилгелердин бири болгон. Мекеме өлкөдө импортко көз карандылыкты азайтуу, ички өндүрүштү күчөтүү жана мамлекеттик каражаттарды өлкө ичинде айлантуу максатында ачылган. Башында уставдык капитал катары 1 миллиард сом бөлүнгөн.

Ишканага өндүрүш тармагында тажрыйбасы бар адис катары Жарасул Абдураимов жетекчи болуп дайындалган. Натыйжада, ири көлөмдөгү каржылоо бөлүнүп, 20 чакты ишкана ачылып, чакан өндүрүш жолго коюла баштаган. Мисалы, рынокко ноутбук жана принтер өндүрүшүнөн товарлар чыгып, тигүү тармагына керектүү топчу, замок өңдүү фурнитура, бронежилет сыяктуу атайын өндүрүмдөр, пластырь, беткап сыяктуу медициналык жана чарбалык товарлар, мык өңдүү темир буюмдары өндүрүлүп, үзүрүн бере баштаганы кабарланган.

Бирок көп өтпөй, ишкана үстөкө-босток текшерүүлөргө кабылганы тууралуу маалыматтар чыккан. Коомдук сайттардагы айрым маалыматтар боюнча, бийликтеги айрым күчтөр ишкана кирешесинен "үлүш" сурап, бирок андагы жетекчилик андай талаптарга баш ийбегени буга себеп болгону айтылат. Бирок Би-Би-Си бул тууралуу маалыматты өз алдынча тактай албады.

Эсеп палатасы жана башка күч органдары тарабынан тынымсыз текшерүүлөрдүн натыйжасында 2024-жылы январда УКМК ишкана жетекчисин жана орун басарларын "коррупциялык схема түзгөн" деген айып менен кармалган. Соттук териштирүүлөр көпкө уланып, ал маалда Жарасул Абдураимов ооруп, каза болгон. Кийин орун басарлардын күнөөсү далилденбей, бошотулган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети анда 2022-2024-жылдары "Кыргызиндустрия" 40тан ашуун чыгашалуу ишкана ачып, аларга тааныш-билиштерин жетекчи кылып коюп, көп суммада айлык төлөгөн деп тапкан.

Быйыл УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматынан алынгандан кийин коомдук сайттарда "Кыргызиндустрия"мамлекеттик мекемесинин азыркы жетекчиси Алманбек Исмаиловго карата бийликчил блогерлер тарабынан маалыматтык чабуул жүргөн эле. Коомдук сайттарда чыккан мурда ачылган заводдор жана цехтер кайра жабылып, ишке тоскоолдуктар жаралып жатканы, мекеме ичинде интрига күчөп, кызматкерлерден акча талап кылуу фактылары бар экени айтылган. Анда бирок Алманбек Исмаилов мындай мазмундагы постторго көңүл буруп, жооп берген эмес. Социалдык желелерде атайын кыматтын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге жеке кайрылып, 2025-жылы 25-январда Алманбек Исмаиловдун талапкерлигин "Кыргызиндустрия" башчылыгына сунуштаган каты да жүрөт.

Президенттин иш-башкармалыгы азырынча бул мамлекеттик мекеменин тагдыры жана ага карата планы менен бөлүшө элек.