Камбар-Ата-1 ГЭСин куруудагы коррупцияга шектелип мурдагы депутат Кундузбек Сулайманов кармалды
Сүрөттүн булагы, УКМК
Бир ай мурда депутаттык мандатын тапшырып кеткен Кундузбек Сулайманов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Сулайманов - акыркы эки айга жакын мезгилде мандатын тапшырып кеткен мурдагы депутаттардын ичинен камакка алынган үчүнчү киши. Буга чейин Куванычбек Конгантиев камалса, бүгүн, 1-апрелде Шаирбек Ташиев да кармалганы белгилүү болду.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 1-апрелде энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун даярдоо этаптарындагы ири мыйзам бузууларды аныкталганын маалымдады.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, тергөө жана ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К. жана подряддык уюмдардын жетекчилери М.А. менен А.Р. кармалды. Учурда алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
"С.К.К. кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын лоббирлөө аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштурган. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистери тарабынан "НарынГЭС" ААКсы жана подряддык уюмдар тарабынан иштердин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган" деп айтылат маалыматта.
Бул айыптоолор тууралуу Кундузбек Сулаймановдун мыйзамдуу өкүлүнүн же тарапташтарынын пикирин угууга мүмкүн боло элек.
Кундузбек Сулайманов акыркы эки айга жакын мезгилде мандатын тапшырып кеткен мурдагы депутаттардын ичинен камакка алынган үчүнчү киши. Буга чейин Куванычбек Конгантиев кармалса, бүгүн, 1-апрелде Шаирбек Ташиев да кармалганы белгилүү болду.
Борбордук шайлоо комиссиясы 23-февралдагы жыйынында Сулаймановдун мандатын алган. Депутат мандатын тапшыруу тууралуу өзү арыз берген. Ал мандатын тапшырганына байланыштуу 23-февралда Фейсбуктагы жеке баракчасында түшүндүрмө берген.
"Акыркы күндөрү, өзгөчө ыйык Орозо айында, социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылып, эки жаат болуп талаш-тартыштар жаралганын көрдүм. Мен үчүн эң башкысы - элдин ынтымагы жана мамлекеттин тынчтыгы. Мандат менин абийиримден, беделимден жана элдин биримдигинен жогору турбайт. Коомдогу бөлүнүүнү тереңдетпөө максатында депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотууну туура көрдүм", - делет ал билдирүүдө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
22-февралда интернетте Кундузбек Сулайманов менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Курсантбек Өмүрбековдун сүйлөшүүсү делген аудио тараган.
Кундузбек Сулайманов ага чейин, атап айтканда 18-февралда Би-Би-Сиге берген маегинде депутаттыктан кетүү ниети жоктугун кескин билдирген:
"Мен муну кечээ маалыматтардан угуп калдым. Мага мандатты менин шайлоочуларым берген. 150 миң шайлоочунун ичинен 12 миңге жакын шайлоочу мага добуш берген. Эгерде мыйзамга ылайык ошолор кол чогултуп, ал колдор экспертизадан өтүп анан менин мандатымды алам дей турган болсо, макулмун. Болбосо башка ким алышы мүмкүн?. Ал үчүн же мен өлүшүм керек, же өзүм арыз жазышым керек. Болбосо кандайдыр бир кылмыш кылышым керек. Менин мандатымды тапшыруу ниетим жок".
Бирок Сулайманов 19-февралда "Мекенчил" тобунун лидерлигинен кеткенин жарыялап, ордуна жаңы гана депутат болуп келген Талант Мамытов шайланганын маалымдаган.
58 жаштагы Кундузбек Сулайманов 2021-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген. Былтыркы парламенттик шайлоодо Жалал-Абаддагы №14 округунан депутат болуп шайланган.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ал күнү Германияда жүргөн Ташиев бул чечим ага күтүүсуз болгонун айткан. Жапаров болсо чечим кабыл аларда досуна телефон чалганын билдирген.
Ташиев кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.
Коомчулукта Кундузбек Сулайманов Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып келет.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт