Жапаров "Дастан" заводун модернизациялап, дрон чыгарууну уюштуруу маселесин тапшырды
Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстан президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, "Дастан" трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, Жапаров бул уникалдуу заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун, анын ичинде атайын продукцияларды чыгаруу боюнча иштеп жаткан линияларын көрүп чыкты.
Заводдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири - деңиз торпедалык куралдарын даярдоо болуп саналат.
"Ишкана менен таанышуунун жүрүшүндө аны мындан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жапаров заманбап технологияларды активдүү киргизүү жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи",- деп айтылат анда.
Мындан тышкары тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишкананын жетекчилигине ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарып баштоону уюштуруу маселесин тапшырды.
Бул тапшырма өлкөнүн коргонуу-өнөр жай потенциалын чыңдоого, жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө жана импорттук продукцияга көз карандылыкты азайтууга багытталган.
"Дастан" ААКсы электрондук, медициналык жана башка өнөр жай продукцияларын иштеп чыгууну жана өндүрүүнү жүзөгө ашырган көп тармактуу ишкана болуп саналат.
"Дастан" аскердик деңиз күчтөрү үчүн торпеда чыгарган, совет доорунан калган завод. Убагында ишкана жылына 400гө жакын торпеда чыгарып турган.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт