"Тажияга бара жаткан айыл башчылар жол кырсыгынан каза болду". Машина жардан кулап кеткен
Тажияга бара жаткан айыл башчылар жол кырсыгынан улам каза болду. 20-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунда унаа жардан учуп, Куршаб дарыясына түшүп кеткен.
Окуя Жоош айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында болгону айтылууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 68 жаштагы айдоочу өзүнүн башкаруусундагы "Хундай-Акцент" үлгүсүндөгү автоунаасы менен жолдун жээгиндеги дарыяга түшүп, кетип жол-унаа кырсыгына кабылган.
"Натыйжада "Хундай-Акцент" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1958-ж.т. А.А жана жүргүнчүлөрү 1962-ж.т. У.А, 1977-ж.т. А.Б жана 1976-ж.т. М.А. денелеринен оор жараат алышып, окуя болгон жерде каза болушкан".
Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаевдин айтымында, машинанын ичиндегилер жергиликтүү бийликтин кызматкерлери болушкан жана алар тажияга бара жатышкан:
"Автокырсык болду. Абдисатар Алиев Ынтымак айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылынын башчысы болчу, Бактыяр Асанов аскердик эсеп инспектору, айыл өкмөттө иштеген. Ураимов Асамидин Токсонбаевич болсо, Жаңы-Арык айылынын башчысы, анан Таш-Арык айылынын башчысы, ушул төртөө болгон".
Аталган жолдон каттаган тургундар жолдун абалы начар экенин билдиришти.
"Жолдун начардыгынан машина кулап кеткен. Жолдун тосмолору да жок да. Жар, көпүрө коркунучтуу жерлер кокустуктун алдын ала турган бетондор менен тосулган эмес", - деди Ош облусунун тургуну Төлөгөн Келдибаев.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери куткаруу ишине тартылган.
Учурда Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы окуяны териштирип жатат.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт