Эмне үчүн АКШ Жакынкы Чыгышка атайын күчтөрдү, деңиз аскерлерин жана аба десантын тартууда?
Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
- Author, Павел Аксенов
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматынын аскерий серепчиси
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
АКШ Перс булуңунун аймагына ыкчам аракеттеги күчтөрдү жайгаштырууда. Ал жерде учурда 31-деңиз аскерлеринин экспедициялык тобу орун алды, ошол эле жакка аба-десанттык дивизиясынын 11-тобу жана 82-бөлүгү баратышат.
Би-Би-Синин америкалык өнөктөшү – CBS News телеканалынын маалыматына караганда, чөлкөмгө АКШнын атайын багыттагы күчтөрү – Аскер-деңиз флоту жана армиянын рейнжерлери жайгаштырылды.
Чөлкөмдө буга чейин жайгаштырылган аскерлерден айырмаланып, бул бөлүктөр жердеги операцияларда колдонулушу мүмкүн.
Ушул кезге чейин АКШ менен Израил Ирандын аймагында жер үстүндөгү масштабдуу операцияларды жүргүзүүдөн карманып келишкен.
Жалпысынан Перс булуңунун аймагына сегиз миңден кем эмес аскер келмекчи – ар бир экспедициялык топто 2 500 деңиз аскери жана 3000ден 4000ге чейин десантчы бар.
Бул өтө эле болжолдуу сандар, себеби деңиз аскерлеринин жана парашютчулардын курамында сокку уруу топторунун жоокерлери жана офицерлери гана эмес, ошондой эле колдоо көрсөтүү жана камсыздоо бөлүмдөрү, анын ичинде авиаторлор да бар. Экинчи жагынан, бул топтор келе турган кемелердин деңизчилери да эсепке алынган жок.
Серепчилердин баамында, бул күчтөр үч ыктымалдуу сценарийде – Ормуз кысыгын бөгөттөө, Харк аралын басып алуу же байытылган уранды өлкөдөн чыгарып кетүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
Туруктуу негизде даярдыкта турган күчтөрдү жиберүүнүн өзү АКШнын чөлкөмдөгү аскерий варианттарын кеңейтүү зарылдыгы бар болгонун көрсөтүп турат. Бул – жаңжалдын өнүгүүсү баштапкы пландардын алкагынан чыгып кеткенинен кабар бериши мүмкүн.
Тобокелдүү кысык
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Февралдын этегинде союздаштардын абадан операциясы башталар замат Иран Ормуз кысыгын бөгөттөп салган.
Ислам республикасы үчүн муну жасоо кыйын болгон жок, себеби эң кууш жеринде кысыктын туурасы болгону 50 километрди түзөт. Кысыктан кемеге каршы ракеталарды учурса болот, миналоо жана экипажсыз катерлерге чабуул коюу кыйын болбойт.
Ошол эле учурда, АКШнын Энергетикалык маалымат башкармалыгынын 2024-жылга карата маалыматы боюнча, суюлтулган жаратылыш газынын дүйнөлүк соодасынын болжол менен 20% кысык аркылуу өтөт жана 2025-жылдын биринчи жарымында Ормуз кысыгы аркылуу ташылган мунайдын жалпы көлөмү дүйнөлүк деңиз соодасынын төрттөн бирине жакынын түзгөн.
Учурда соода кемелери, анын ичинде супертанкерлер кысыктан өтө албай жатышат. Экипаж тобокелге баргысы келбегенден тышкары, алдыңкы камсыздандыруу компаниялары кемелердин дүйнөнүн эң маанилүү суу жолу аркылуу өтүүсү өтө кооптуу деп чечишти.
Алар шарттарды бир топ катаалдаштырып, камсыздандыруунун баасын кескин көтөрүп салышты. Көптөгөн кеме ээлери үчүн бул жол экономикалык жактан жагымсыз же алгылыксыз болуп калды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандан кысыкты 6-апрелге чейин ачууну талап кылып жатат. Эгерде Иран бул талапка баш ийбесе, Трамп энергетикалык объектилерди бомбалоону күчөтөрүн айтып коркутту. АКШ бомбалоодон тышкары кысыкка жакын жерге жайгаштырылган аскерлерин кысыктын тосмосун ачуу үчүн колдонушу мүмкүн.
Деңиз чеби
Сүрөттүн булагы, U.S. Marine Corps via Getty Images
Бул блокада кысыктын өзүнө да, анын батыштан кире беришине жакын жайгашкан аралдардын чынжырына да таянат.
Биринчи кезекте бул кысыктын батыш бөлүгүндө үч арал бар – Абу-Муса, Чоң жана Кичи Томб аралдары.
Бул аралдарды Иран менен БАЭ талашып келишет.
Бул аралдарда аэродром жана ар кандай аскерий объектилер, анын ичинде абадан коргонуу системалары жана ракеталык комплекстер жайгаштырылган, алар жерден да, суудан да бутага жете алышат.
Кысыктын өзүндө Кешм аралы эң маанилүүсү болуп саналат, ал Перс булуңундагы эң чоң арал. Ал Ирандын жээктерин бойлой жүз километрден ашык созулат жана кысыкты көзөмөлдөгөн табигый деңиз чеби болуп эсептелет.
Ага жакын жерде кысыкты көзөмөлдөө үчүн колдонулган дагы бир нече арал бар. Алар: Ларак, Хормуз жана Хенгам.
Бардык аралдарда мониторинг системалары, ракеталар орун алган жерлер, анын ичинде жер астындагы ракета бункерлери, кадимки жана экипажсыз кайыктарды жашыруучу жайлар бар.
Ошондуктан, кысыкты күч менен ачуу үчүн бери дегенде бул аралдардын ар бирин басып алыш керек болот.
Бирок Иран кысыкты бөгөттөөнү коргонуунун стратегиясы деп эсептесе, анда бул аралдарды коргоого даярданып жатышы ыктымал.
Негизги мунай терминалы
Экинчи ыктымал сценарий – Харк аралын басып алуу. Ирандын башкаруучу режиминин негизги киреше булагы болгон мунай соодасынын 90% ушул арал аркылуу өтөт.
Тегеран бул терминалга жете албай калса, анда мунайды сатуудан түшкөн киреше азайып, кымбат баалуу аскердик программаларды, биринчи кезекте ракеталык жана өзөктүк программаларды каржылоо мүмкүнчүлүгүн да жоготот.
Бирок мындай эскалация булуңдагы маанилүү объектилерге жооп катары соккуларга себепчи болмокчу, ал эми Иран ушул кезге чейин Перс булуңундагы көптөгөн экономикалык маанилүү буталарга кол салуудан карманып келген.
Сүрөттүн булагы, Gallo Images/Orbital Horizon/Copernicus Sentinel Data 2024
Мындан тышкары, эгерде Харктын инфраструктурасы талкаланса жана Ирандын бийлигинин башына АКШ менен чырдашкысы келбеген өкмөт келсе, анда өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болушу мүмкүн. Ошондуктан, Харкты америкалык аскерлердин күчү менен басып алуу логикалуудай көрүнүп турат – мындай вариант Тегеранды мунайды экспорттоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
АКШ буга чейин аралга бир нече сокку урган, бирок алар аскердик объектилерди гана бутага алышкан. Алардын арасында аэродром да болгон, себеби, эгерде десанттардын катышуусу менен операция жүргүзүлгөн учурда ал маанилүү максатка айланат – аэродромду калыбына келтиргенден кийин ал абадан кошумча күчтөрдү жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Аралдар
Материкке аскерлерди жайгаштыруу пландалып жаткан чакта чоң жээкке жакын жайгашкан чакан аралдарды басып алуунун мааниси бар.
Аралдар чөкпөгөн кемелер сыяктуу жээкти жаап, абадан коргонууну камсыз кылат, ошондуктан аларды басып алуу логикалык тактика болуп саналат.
Бирок, аскерлер андан ары жылбай, бир орунда кала берсе, аларды чоң жерден аткылоо өтө оңой болот. Чакан арал кеме сыяктуу ары-бери буйтап, маневрларды жасай албайт.
Ал эми арал замбиректик артиллерияга кабылса, анда өтө оор кырдаал түзүлөт, себеби ракеталарга караганда артиллериялык снаряддарды тосуп калуу алда канча кыйын.
Уранды басып алуу
АКШнын аскерий күчү Исфахандагы жана Натанздагы ишканаларда сакталып жаткан байытылган урандын запастарын Ирандан чыгарып кетүү боюнча операция жүргүзүү үчүн жетиши мүмкүн. Жайында 12 күндүк согуш учурунда бул объектилерге сокку урулган.
Мунун алдында Израилдин 12-каналы санкцияларды алып салуу үчүн Вашингтон Тегерандан Натанздагы, Исфахандагы жана Фордодогу үч негизги объектилерди камтыган өзөктүк потенциалын жок кылууну, ошондой эле байытылган уранды МАГАТЭге өткөрүп берүүнү талап кылып жатканын кабарлаган.
Wall Street Journal гезити америкалык аткаминерлерге шилтеме жасап, Дональд Трамп уранды өлкөдөн чыгарып кетүү боюнча аскердик операцияны караштырып жатканын жана мындай оор рейд үчүн америкалык аскерлер Ирандын аймагында бир нече күн жүрүшү мүмкүн экенин жазды.
Гезиттин маалыматына караганда, июндагы операцияга чейин Иранда курамы 60% болгон 400 кило жогорку деңгээлде байытылган уран жана 20% болгон 200 кило материал бар болчу.
Бул уран кайсы жерде жана кандай абалда болгону тууралуу маалымат ачык булактарда жок.
Израилдик аскерий эксперт Давид Гендельман бул өтө татаал жана масштабдуу операция экенин жазды: "Эгерде ирандыктар уран сактоочу жайларды жакшылап кайтарса, аймакты жакшы көзөмөлдөп жатса, анда алардын абадан коргонуу системасын, талаа аэродромун жана башка объекттерин толук жок кылган соккуларды уруш керек".
Ошол эле учурда, эксперт белгилегендей, бул материалдар адамдар үчүн радиациялык коркунуч жаратпайт, себеби уран таза түрүндө эмес, гексафторид түрүндө сакталууда.
"Урандын гексафториди өтө уулуу жана химиялык жактан жигердүү, ошондуктан химиялык коргоо каражаттары талап кылынат, контейнерлерди этияттык менен колдонуш керек, бирок радиациялык коркунучу дээрлик жок, ал тургай байытылган уран өтө деле радиоактивдүү эмес", - деп жазды Давид Гендельман. (ZMa)
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт