Covid-19: Индиядагы үрөй учурган абал

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Делиде каза тапкандар саны көп болгондуктан сөөктөрдү массалык түрдө өрттөп жатышат

Индиядагы коронавирус эпидемиясынын жаңы толкуну үрөй учурган кырдаалды жаратты. Илдеттен каза тапкандар саны кескин көбөйүп, оорукананын жандандыруу бөлүмдөрү бейтаптарга толуп, дары-дармектин жана кислороддун запасы түгөнүүдө.

Пандемиянын кесепети өтө оор болгонун оорукана жана крематорийлерден алынган көп сандагы сүрөттөр далилдеп турат.

Жакынын жоготкондор сааттап кезек күтүп, крематорийлер үлгүрө албай калды. Айласы кеткендер көчөдө эле сөөктү өрттөөгө мажбур болууда. Мамлекеттик статистикага ишенбеген журналисттер каза тапкандар санын крематорийлердеги абал менен салыштырып, өз алдынча эсеп жүргүзүүдө.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мумбайда коронавирустан каза тапкандардын жакындары коргоочу кийимдер менен кремацияны күтүп олтурушат

Алардын пикиринде коронавирустун реалдуу жоготуулары айрым шаарларда расмий сандардан 10 эсе көп.

Өткөн аптада Би-Би-Синин Гуджараттагы кабарчылары Сурат шаарындагы крематорийи ысыкта тынымсыз иштей бергендин натыйжасында морусу жарым-жартылай ээрип кеткенин кабарлашкан эле. Бийлик дагы деле каза тапкандардын так саны боюнча маалымат бере элек.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Делидеги крематорийдеги көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Журналисттер коронавирустан каза тапкандар саны расмий айтылгандан алда канча көп дейт

Сүрөттүн булагы, Sumit Kumar

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лакхнау крематорийи күнү-түнү тынымсыз иштеп жатат. Бул Индиядагы падемиядан эң катуу жабыр тарткан аймактардын бири

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мумбайдагы коронавирустан каза тапкандарды акыркы сапарга узатуу

Эң оор кырдаал Делиде жаралды. Анткени ооруканаларда бейтаптар кислороддун жетишсиздигинен каза табууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүндө Индиядагы кырдаал коронавирустун кесепети кандай болорун эскертти деп айтылды.

Бир аптадан бери Индияда Covid-19 жуктуруп алгандардын суткалык көрсөткүчү 300 миңден төмөн болбой жатат. Күн сайын катталган өлүм-житимдин көрсөткүчү 2800 (акыркы суткада 2767) тегерегинде. АКШ менен Британия дүйшөмбүдөн тарта Индияга өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттарды жана башка жабдыктарды жөнөтө баштады.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Делиде өлкө боюнча эң мыкты медициналык мекеме бар. Бирок ал жердин жандандыруу бөлүмү толуп, бут коёрго жер жок

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрым бейтаптар "Тез жардам" унаасында эле оорукананын алдында кезек күтүп турат