Королеванын жолдошу канзаада Филипп дүйнө салды
Букингем сарайы Эдинбург герцогу, королева Елизаветанын жолдошу канзаада Филипп 99 жаш курагында дүйнө салганын кабарлады.
Канзаада Филипп менен королева Елизавета 1947-жылы баш кошкон. Ушундан беш жылдан кийин Елизавета королева катары такка олтурган. Алардын ортосунда төрт бала, сегиз небере жана 10 чөбөрөсү бар эле.
Букингем сарайынын билдирүүсүндө: "Улуу урматтуу королева өзүнүн сүйүктүү күйөөсү, Эдинбург герцогу, канзаада Филипптин каза болгонун терең өкүнүү менен билдирди. Улуу урматтуу канзаада бүгүн эртең менен акка моюн сунду",-деп айтылат.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт
{{rankTranslation}}