АКШда Facebook аркылуу киши өлтүрүүнү көрсөткөн шектүү изделүүдө
Сүрөттүн булагы, CLEVELAND POLICE
Кливленддин полициясы Facebook Live аркылуу чагылдырылган адам өлтүрүүгө шектүүнү издеп жатат.
"Шектүү теги африкалык Стив Стивенстин жанында куралы бар жана өтө коркунучтуу",- деп айтылат полициянын "Твиттердеги" баракчасындагы билдирүүдө.
Стивенс бир гана түз эфир учурунда киши өлтүрбөстөн, башка адам өлтүрүү кылмыштарына да тиешеси бар экенин айткан.
Полиция бул маалыматтарды текшерип жатат. Азырынча андай мыкаачылык кылмыштар катталбаганы белгилүү болду деди полиция.
Эй-би-си маалыматына караганда, иликтөө ишине Федералдык иликтөө бюросу дагы тартылды.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт
{{rankTranslation}}