Голливуд актерлорунун Дональд Трампка каршы акциясы

Сүрөттүн булагы, EPA

АКШнын 45-президенти болуп шайланган Дональд Трамптын инаугурациясынын босогосундагы Нью-Йоркто өткөн каршылык акциясына Голливуд актерлору жана Роберт де Ниро жана Жулиана Мур сыяктуу атактуулары катышты.

Жалпысы болуп каршылык акциясында миңге чукул киши болуп, алар колдоруна "Трамп менен күн сайын күрөш" жана "Акыйкаттуулук жана жарандык укук бардыгына" деген плактаттарды кармап турушту.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Трампты ар дайым пародия кылып келген актер Алек Болдуин чогулгандарга кайрылуу жасады. Ошондой эле ал өзү аткарып жүргөн каармандын атынан да кайрылып, Трампты туурап сүйлөдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Акцияга келген Голливуд жылдыздарынын баары Трампка нааразылыгын ачык билдиришти.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Ырчы Шер "Твиттерде" Трамп менен катуу айтышкан эле. Ал эми актер Марк Руффало шайлоо алдында элдерди Трамп үчүн добуш бербегиле деп үндөгөн.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Актер Роберт Де Ниро болсо коомчулуктун алдында ачык эле Трампты өлкөнүн бетине көө жапкан киши катары сынга алган.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Оскар сыйлыгынын ээси Майкл Мурду америкалык басылмалар акциянын уюштуруучусу катары аташууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Митинг катышуучулары Трампты президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин иштөөсүнө жол бербейбиз деп убада кылышты.

Сүрөттүн булагы, EPA

Акция өтүп жаткан жерге Трамптын келбетиндеги куурчак орнотушту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Акция менен бирдей учурда Вашингтондо Трампты колдоого алган концерт өттү.

"Биз өлкөнү бириктирүү максатындабыз…Биз бүткүл эл үчүн Американы улуу өлкө кылабыз»,-деди Трамп, эки саатка созулган концерт учурундагы кайрылуусунда.