“Үйдө болуп, илдетти эмес боорукерликти тараткыла”

Дүйнө жүзүндө көп кишилер үйүндө изоляцияда олтурууга мажбур болууда. Сүрөтчү Стивен Лавкин ушундай абалда олтурган Бруклиндеги жалгыз бой жана үй-бүлөлүү кишилердин сүрөттөрүн тарткан.

Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анна-Бет Русакис кызы менен: "Илдетти эмес боорукерликти тараткыла. Үйдө болгула!".

Башында Лавкин үйүнүн босогосунда олтурган үй-бүлөлөрдү көргөндө, сүрөткө тартууга кызыгып жүргөн. Кийин терезенин артындагы кишилерди тартуу идеясы жаралды.

"Биз терезе аркылуу сырткы дүйнөнү карайбыз. Сырттан бизди караганда рамкада тургандай көрүнөбүз. Кеп ушунда, биз дүйнөнү кандай көргөндүгүбүз",-деди сүрөтчү.

Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жубайлар Кларис Инс менен Ансил МакКейн. Алар кино тармагында иштейт. Жазууда: "Баарыбыз бирге".

Лавкин кимди сүрөткө тартса дагы дүйнөгө жолдой турган эмне сөзүңөр бар деп сураган. Бул долбоор бир аптанын ичинде коомдук сайттарда көптүн көңүлүн бурду. Азырынча коопсуз деп эсептеген автор долбоорун дагы улантууну көздөйт.

Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Профессор жана активистка Кристин Лоулер: "Машина балким токтойт"

Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Роберт Кларк кичүүсү: "Оор мезгилдер өтүп кете берет, күчтүү кишилер калат"

"Азыркы башаламан абалыбызда жана белгисиздик өкүм сүрүп турганда, менин долбоорум кишилерге жардам берет деп ишенем. Бири-биринен алыстап калган кишилер сырткы дүйнө менен байланышын сезет. Биз азыр бири-бирибизден алыспыз жана бул канчага созуларын эч ким билбейт",-деди Лавкин.

"Коопсуз жерде калгыла. Үйдөн чыкпагыла. Менин балдарымдын плакатында жазылып тургандай "жакында баарыбыз чогуу болобуз", ушундай эмеспи".

Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кэлли менен Лукас Лавкин: "Жакында баарыбыз чогуу болобуз. Үйдө калып, үмүт үзбөгүлө".

Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Том Смит менен Лора Росс, кыздары Кэролайн, Элизабет жана Эбигейл: "Эгерде сиз жакшы көргөн киши жаныңызда болсо, сиз жалгыз эмесиз".

Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Агнета менен Мэттью Септимус балдары Эрза жана Нора: "Үмүт"

Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Майк менен Дениз Пергола балдары Генри, Жек, Уилл: "Биз баарыбыз чогуу элек. Башкасы эсимде жок".

Сүрөттүн булагы, Stephen Lovekin/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөтчү Ширли Фюрст - "Искусство сактап калат!"

Сүрөттөрдүн автордун укугу Stephen Lovekin/Shutterstock