Евробиримдиктин армиясы кандай куралданышы мүмкүн? Сүрөт

Франциянын президенти Эмманюэль Макрон Евробиримдикке кирген өлкөлөр өзүнүнүн бирдиктүү армиясын түзүү керек деген идеяны кайрадан көтөрдү. Анын пикиринде, бул түзүм АКШдан толук көз каранды болушу керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сунушту АКШ президенти Дональд Трамп кескин сынга алды. Бирок ГФР канцлери Ангела Меркель менен Орусия президенти Владимир Путин кубаттап жатат.

Өткөн аптада Europe-1 үналгысына берген маегинде Франция президенти "Өзүбүздү өзүбүз коргошубуз керек",-деп айткан. Макрондун пикиринде, азыркы учурда Еврбиримдиктин демократиялык жараяндарына сырттан кийгилишүүлөр көп болуп жатат. Ошол эле учурда кибермейкиндиги дагы корголууга муктаж. Эгерде бирдиктүү армия болсо, кырдаалды жайгарса болот деди ал.

Мындай ойлор биринчи айтылып жаткан жок. Буга чейин дагы Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн саясатчылары тарабынан айтылганы бар. Көп учурларда мындай идея Лондон тарабынан четке кагылып келген. Эми жазында Бртитания Евробиримдигинен чыгып кетиши күтүлүүдө.

Азыр эле Евробиримдик кубаттуу аскер күчкө ээ. Анын көпчүлүк мүчөсү курал-жарак, аскер техникаларын өзү өндүрүүгө же сатып алууга умтулуп келет.

Учурда Евробиримдиктин армиясында кандай аскер техникалары бар?

Тик учактар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сокку урууга ылайыкталган Eurocopter Tiger - Франция менен Германия биргелешип иштеп чыккан тик учак.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Италиялык A-129 Mangusta аскер тик учагы 1982-жылы эле сыноодон өткөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кубаттуу NH90 тик учагы. Муну дагы француздар менен немистер биргелешип чыгарган.

Аскер учактары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төртүнчү муундагы Eurofighter Typhoon аскер учагы бир катар Европа өлкөлөрүндө бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франция тарабынан жасалган төртүнчү муундагы Dassault Rafale учагы.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шведдерге таандык төртүнчу муундагы Saab JAS 39 Gripen

Танктар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германиянын негизги танкы - Leopard 2 дүйнөдө эң көп сатылган аскер техникасы.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франция армиясындагы негизги танк - AMX-56 Leclerc.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Италия армиясындагы негизги танк - C1 Ariete.

Бронетранспортерлор жана жөө аскерлердин согуштук унаалары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Немис-нидерланддык бронетранспортер Boxer.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германия чыгарган жөө аскерлердин согуштук унаасы Puma.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франция чыгарган жөө аскерлердин согуштук унаасы AMX-10P 1970-жылы сыноодон өткөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эскирген AMX-10P ордун алмаштыруу үчүн Франция жөө аскерлердин согуштук унаасын VBCI менен толуктады.

Сүрөттүн булагы, Zuma/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Австриянын зоотолгон аскер унаасы Pandur II Португалия менен Чехияда дагы чыгарылат.

Сүрөттүн булагы, CTK/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ASCOD - Австрия менен Испания иштеп чыккан аскер унаасы.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Италиялык жөө аскерлердин унаасы Freccia 2006-жылдан бери чыгарылат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Финдердин Patria AMV аскер унаасы.

Бирдиктүү армия түзүү боюнча идеяга каршы чыккан АКШ президент Дональд Трамп «Твиттер» аркылуу үн катты. Андан көрө Франция НАТО талап кылган коргонуу бюджетин 2 пайызга көбөйтүшү керек деди ал.

Шейшембиде болсо Трамп катарынан бир нече твиттерди жазган.

«Эммануэль Макрон Европаны Кытай, АКШ, Орусиядан коргоо үчүн өзүнүн армиясын түзүү керек деп сунуштап жатат. Бирок Биринчи жана Экинчи дүйнөлук согушту Германия баштаганда, бул Францияга кандай кесепетин тийгизди эле? Америкалыктар үлгүрүп келгенге чейин, алар немисче үйрөнүүгө аргасыз болушкан,-деп жазды ал. - Франциянын улуулугун кайтарып бергиле!".

Бирдиктүү армия түзүү боюнча идеяны НАТОнун жетекчиси Йенс Столтенберг дагы сынга алып, биринчи кезекте трансатлантикалык мамилелерди чыңдоо зарыл дейт. (AbA)

***