Британияда төрт сааттын ичиндеги 15 миң чагылган

Британиянын түштүк бөлүгүндө катуу күн күркүрөп, чагылган түшүп, арты нөшөргө айланды. Ишембиден жекшембиге караган түнү төрт сааттын ичинде 15 миң чагылган түшүп, рекорд койду деп кабарлады BBC Weather.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондондун үстүндөгү чагылган.

Станстед аэропортунда чагылган учактарга май куйган системаны иштен чыгарды. Мунун айынан көп каттамдар кармалып калды.

Британиянын метеорологиялык кызматы коркунучтун сары жарыгын жарыялады. Адистердин болжолунда, жакынкы күндөрдө катуу жамгыр жаап, арты Англиянын чоң бөлүгүндө жана Уэльсте суу ташкындарына алып келиши мүмкүн.

Жекшемби жана дүйшөмбү күнү кайрадан күн күркүрөп, чагылган түшүшү мүмкүн деп эскертти синоптиктер. Бул электр жарыгын үзгүлтүккө учуратып, коомдук транспорттун ишин кыйындатышы мүмкүн.

Көптөгөн британдыктар кыйма-чийме түшкөн чагылганды сүрөткө тартып калышып, коомдук сайттарга видеолордон бери жайгаштырышты.

Сүрөттүн булагы, PA/TowerRNLI

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Темзанын үстүнөн түшкөн чагылган.

Сүрөттүн булагы, Ems - Hayling Island/@auntymems

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хейлинг аралынын үстүндөгү көрүнүш.

Сүрөттүн булагы, Andrew Lanxon Hoyle/@Batteryhq

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондондун чыгышындагы Далстондогу мечиттин үстүндөгү чагылган.

Сүрөттүн булагы, Jason Arthur

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кент графтыгындагы чагылганга Жейсон Артур байкоо салган.

Сүрөттүн булагы, Roy McDonald

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лейтон шаары.

Сүрөттүн булагы, Ben Hensel

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хэмпшир графтыгы.

Сүрөттүн булагы, Yulia Emelianenko

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондондогу көп кабаттуу имараттардын үстүндөгү чагылганды Юлия Емельяненко тартып алган.

Сүрөттүн булагы, Paul Greenford tyres/@Atko80

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күн күркүрөп, ала-дүлөй башталганда Пол Гринфорд үй бүлөсү менен Хенли-он-Темсте эс алып жүргөн.

Сүрөттүн булагы, Harry Neary/@grumpyrocker

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дорсет графтыгындагы чагылганды Гарри Нири тартып алды.

Сүрөттүн булагы, @samueltwilkinson/PA

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уэмбли стадионунун үстүндөгү чагылган.

(AbA)